# КР Президентинин 2008-жылдын 20-ноябры № 410 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын маселелери жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2008-жылдын 20-ноябры № 410 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын маселелери жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 410
- Кабыл алынган күнү: 20.11.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4783>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2339/edition/1162949/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4783.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2008-жылдын 20-ноябры № 410 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын маселелери жөнүндө" жарлыгы (31.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4783

---

КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына ылайык күчүн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК

2008-жылдын 20-ноябры ПЖ № 410 Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын маселелери жөнүндө (КР Президентинин 2009-жылдын 22-июнундагы ПЖ № 285, 2009-жылдын 14-декабрындагы ПЖ № 573, 2012-жылдын 11-июлундагы ПЖ № 136, 2016-жылдын 18-февралындагы ПЖ № 38 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналыгынын системасын өркүндөтүү долбоорун натыйжалуу жана сапаттуу турмушка ашыруу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдында казыналык системасында мамлекеттик бюджетти аткарууда жана мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын кызматкерлерин эсепке алууну жана башкарууну уюштурууда маалыматтык-коммуникациялык кызмат көрсөтүү боюнча "Инфо-Система" мамлекеттик мекемесин түзсүн;

- "Инфо-Система" мамлекеттик мекемесин түзүү менен байланышкан финансылык жана уюштуруу маселелерин чечсин;

- (4-абзац КР Президентинин 2016-жылдын 18-февралындагы ПЖ № 38 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

(КР Президентинин 2009-жылдын 22-июнундагы ПЖ № 285, 2012-жылдын 11-июлундагы ПЖ № 136, 2016-жылдын 18-февралындагы ПЖ № 38 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)

2. (КР Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы ПЖ № 573 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
