Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз РЕспубликасынын Президентинин Жарлыгы ПЖ № 396 Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө» Жарлыгына толуктоолорду киргизүү тууралуу
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 31-октябры ПЖ № 396
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын
30-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө"
Жарлыгына толуктоолорду киргизүү тууралуу
Республикада мыйзамдуулуктун сакталышын камсыз кылуу боюнча Кыргыз
Республикасынын прокуратура органдарынын түзүмүн жана ишин өркүндөтүү
максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы
№ 607 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптимал-
даштыруу жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген "Мамлекеттик органдардын,
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын же-
текчилеринин орунбасарларынын санынын чеги (статс-катчыларды кошпогон-
до)" деген № 6 тиркемеге төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- 3-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюн-
ча мамлекеттик комитети" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасы-
нын Башкы прокуратурасы" деген сөздөр кошулсун;
- эскертүү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында Башкы прокурордун
орун басарларынын бирөөсү жайгашкан жери Ош шаарында болуу менен Кыргыз
Республикасынын түштүк аймагындагы прокуратура органдарынын ишин тей-
лейт.".
2. Башкы прокурордун орун басарынын кошумча бирдигин киргизүү Кыр-
гыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын чектик санынын жана "Кыргыз
Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын Мыйзамы менен каралган каражаттардын алкагында ишке ашыры-
лат.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылай-
ык келтирсин.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы ПЖ № 607 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" буйругуУказ · 30.11.2005 · № 607 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы № 573 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык…Указ · 14.12.2009 · № 573 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндөЗакон · 17.03.2008 · № 23
- КР Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы ПЖ № 607 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" буйругуУказ · 30.11.2005 · № 607 · Күчүн жоготкон