Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин «Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин алдындагы Мамлекеттик Кеңешти жоюу жөнүндө» Указы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН УКАЗЫ 1993-жылдын 4-августу № ПУ-225 Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин алдындагы Мамлекеттик Кеңешти жоюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгагвндыгына байланыштуу ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик Кеңеш жоюлсун.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1991-жылдын 20-августундагы «Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Кеңештер жөнүндөгү» Указына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Указдын преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: « Конституцияны жана мыйзамдарды, Кыргыз Республикасынын граждандарынын укуктарын жана эркиндиктерин гарантиялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ишине болгон республиканын калкынын ар түрдүү катмарынын таламдарын кыйла толук эске алуу максатында токтом кылам:
- 1 пункттагы «Мамлекеттик Кеңеш» сөз алынсын;
- 2-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- 5-пункттун экинчи абзацы жана 6-пункт жокко чыгарылсын;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик Кеңеш жөнүндөгү Жобо күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Акаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Указ Президента КР от 16 февраля 2002 года №44 " О признании утратившими силу некоторых решений Президента Кыргызской Республики"Указ · 16.02.2002 · № 44
- Указ Президента РК от 20 августа 1991 года УП №259 "О Советах при Президенте Республики Кыргызстан"Указ · 20.08.1991 · № 259 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон