# Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы 2008-жылдын 17-октябры ПЖ № 380 "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кењешинин курамы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 31-мартындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы 2008-жылдын 17-октябры ПЖ № 380 "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кењешинин курамы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 31-мартындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 380
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.01.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4781>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2337/edition/627653/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4781.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.01.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы 2008-жылдын 17-октябры ПЖ № 380 "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кењешинин курамы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 31-мартындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (25.01.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4781

---

КР Президентинин

2012-жылдын 25-январындагы ПЖ № 16 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 17-октябры ПЖ № 380

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

"Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кењешинин курамы жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 31-мартындагы

Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарындагы кадрдык өзгөрүү-

лөргө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-берене-

синдеги 1-пункттун 7-пунктчасын жана "Улуттук коопсуздук жөнүндө" Кыр-

гыз Республикасынын Мыйзамынын 13-статьясын жетекчиликке алып, токтом

кылам:

1. "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кењешинин курамы жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 31-мартындагы № 112

Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен аныкталган Кыргыз Республикасынын

Коопсуздук кењешинин курамынан И.И.Исаков, М.Т.Кайыпов чыгарылсын;

- төмөнкү адамдар киргизилсин: Кыргыз Республикасынын Коопсуздук

кенешинин катчысы Мадумаров Адахан Кимсанбаевич, Кыргыз Республикасынын

юстиция министри Турсункулов Нурлан Жанышевич.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
