# Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы 2008-жылдын 28-октябры ПЖ № 391 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы 2008-жылдын 28-октябры ПЖ № 391 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 391
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.12.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4780>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2336/edition/627648/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4780.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы 2008-жылдын 28-октябры ПЖ № 391 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" (30.12.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4780

---

КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2008-жылдын 28-октябры ПЖ № 391 Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы ПЖ № 573 Жарлыгынын редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын ишин андан ары өркүндөтүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" № 385 Жарлыгы менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын администрациялык мамлекеттик кызмат орундарынын Реестри" деген № 2 тиркемеге төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 3-главанын "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жана анын аймактык бөлүмдөрү" деген бөлүмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

| "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жана анын аймактык бөлүмдөрү |  |
| --- | --- |
| Жогорку кызмат орду |  |
| Ж1 | Аппараттын жетекчиси |
| Ж2 | Аппараттын жетекчисинин орун басары Башкы башкарманын начальниги Башкы мамлекеттик инспектор Аймактык бөлүмчөнүн жетекчиси |
| Ж3 | Башкарманын, борбордун начальниги |
| Башкы кызмат орду |  |
| Б1 | Аймактык бөлүмчөнүн башкы мамлекеттик инспектору Өз алдынча бөлүмдүн башчысы Башкармадагы бөлүмдүн башчысы |
| Б2 | Аймактык бөлүмчөнүн бөлүмүнүн башчысы Бөлүмдүн башчысынын орун басары Башкы эксперт-аналитик |
| Б3 | Эксперт-аналитик, аймактык бөлүмчөнүн эксперт аналитиги Эксперт, аймактык бөлүмчөнүн эксперти Мамлекеттик инспектор Аймактык бөлүмчөнүн мамлекеттик инспектору |
| Улук кызмат орду |  |
| У1 | Инспектор, аймактык бөлүмчөнүн инспектору Басма сөз-катчы Башкы адис Жетектөөчү адис" |

2. (КР Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы ПЖ № 573 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
