Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын уставы (Кыргыз Республикасынын Президентинин менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2008-жылдын 4-сентябрындагы
№ 317 Жарлыгы менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын
УСТАВЫ
I. Жалпы жоболор
1. Мындан ары "Корпорация" деп атала турган Кыргыз Республикасынын
Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын негизги максаты Кыргыз Республи-
касынын аймагына жана андан сырткары жерлерге объективдүү жана толук
телерадиоберүү продукцияларын даярдоо жагындагы мамлекеттик саясатты
жүзөгө ашыруу болуп саналат.
2. Корпорация - мамлекеттик мекеменин статусуна ээ болгон мамле-
кеттик телерадио уюму. Корпорация юридикалык жак болуп саналат, өз ал-
дынча балансы, эсеп-кысабы, бекитип берилген мүлкү, өзүнүн символикалык
белгилери, Кыргыз Республикасынын гербинин сүрөтү бар, аталышы мамле-
кеттик жана расмий тилдерде жазылган тегерек мөөрү бар жана ал сотто
доочу жана жоопкер катары чыга алат.
3. Корпорация өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын,
Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарындагы мыйзамдарын,
"Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-
мын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ушул
Уставдын жоболорун, Корпорациянын ички Жоболорун, ошондой эле мыйзамда
белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп
саналган эл аралык келишимдерди жетекчиликке алат.
4. Корпорациянын иш кагаздары кыргыз жана орус тилдеринде
жүргүзүлөт. Жумушчу тил болуп кыргыз жана орус тилдери саналат.
5. Корпорациянын расмий толук аталышы:
мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү
корпорациясы;
расмий тилде: Национальная телерадиовещательная корпорация Кыр-
гызской Республики;
Корпорациянын кыскартылган аталышы:
мамлекеттик тилде: КР УТРК;
расмий тилде: НТРК КР.
6. Корпорациянын жайгашкан орду: Кыргыз Республикасы, 720010, Биш-
кек шаары, Жаш Гвардия бульвары, 59-үй.
7. Корпорация Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында региондук
өкүлчүлүктөрдү жана филиалдарды уюштурууга укуктуу.
8. Өз функцияларын аткарууда Корпорация төмөнкү принциптерди бекем
жолдойт: калыстык, объективдүүлүк, чынчылдык, ачыктык, өнөктөштүк, на-
тыйжалуулук, автономиялуулук, экологиялык коопсуздук.
II. Корпорациянын максаттары, милдеттери
жана ишинин өзөгү
9. Корпорациянын ишинин негизги максаттары болуп төмөнкүлөр сана-
лат:
- кыргыз элинин жана Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган баш-
ка этностордун билим алуу жана руханий керектөөлөрүн канааттандыруу,
маданиятты, тилдерди, салттарды өнүктүрүү жана өз ара аракеттенүү;
- Кыргыз Республикасынын бирдиктүү маалыматтык телекөрсөтүү жана
радиоуктуруу мейкиндигин түзүү жана анын дүйнөлүк маалымат процессине
киришин жигердештирүү;
- демократиялык багыттагы өлкө катары анын дурус имиджин түзүү жа-
на колдоо.
10. Корпорациянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- улуттук телерадиоберүүнү ата-мекендик жана дүйнөлүк маданияттын
эњ жакшы салттарына ылайык жүргүзүү;
- коопсуздукту, анын ичинде маалыматтык коопсуздукту жана мамле-
кеттин бүтүндүгүн сактоого көмөк көрсөтүүчү маалымат саясатын жүргүзүү;
- өлкөнүн мамлекеттик биримдигин, жарандык тынчтыкты сактоого жана
чыњдоого көмөк көрсөтүү;
- бирдиктүү маркетингдик, маалыматтык жана жарнамалык саясатты
жүргүзүү;
- Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдөгү социалдык-саясый жана башка
окуялар жөнүндө, өзгөчө окуялар жана калктын өмүрүнө же ден соолугуна
коркунуч келтирүүчү жагдайлар жөнүндө телекөрүүчүлөргө тез арада маа-
лымдоо, расмий билдирүүлөрдү элге таркатуу, мамлекеттик органдардын жа-
на жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин маалымдоо;
- ар бир адамдын укуктарын сактоо жана урматтоо максатында журна-
листиканын бийик стандарттарын камсыз кылуу;
- экономикалык, публицистикалык, маданий-билим берүү, көркөм, оку-
туучу, оюн-зоок, спорттук телепрограммаларды, ошондой эле балдар жана
өспүрүмдөр үчүн телепрограммаларды жогорку кесиптик, көркөм жана техни-
калык дењгээлде түзүү жана жайылтуу;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык байланыштарын чыњдоого, анын
дүйнөдөгү кадыр-баркын өстүрүүгө көмөк көрсөтүү.
11. Корпорация өз максаттарына жетүү үчүн:
- республиканын аймагында, ошондой эле дүйнөлүк маалымат тармагын-
да телерадиоберүүлөрдү жүзөгө ашырат;
- мамлекеттик телерадиоберүүлөрдүн материалдык-техникалык базасын
өркүндөтүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган зарыл иш-чараларды жүргүзөт;
- телекөрсөтүүнүн, радиоуктуруунун, маалымат жана коммуникациялар-
дын адистерине даярдоону уюштурат;
- чет мамлекеттердин телерадио уюмдары менен кызматташтыкты
өнүктүрөт жана өз ара пайдалуу шарттарда алар менен чыгармачылык, тех-
никалык жана башка маселелер боюнча келишимдерди түзөт;
- аудиовизуалдык техника жана технология жагында дүйнөлүк аналог-
дорду пайдалануу менен мамлекеттик телерадиоберүү ишин өнүктүрүүнүн
бирдиктүү саясатын иштеп чыгууга катышат;
- улуттук кенч болуп саналган теле- жана радиоберүүлөрдү сактоону
камсыз кылат;
- телерадиоберүү жагындагы мамлекеттик саясаттын негизги багытта-
рын, телерадиоберүүгө байланышкан мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуш-
тарды иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышат.
III. Корпорациянын укуктары жана милдеттери
12. Корпорация төмөнкүлөргө укуктуу:
- ээ болууга Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык чек коюлган
маалыматтардан тышкары мамлекеттик, муниципалдык, коомдук, жеке уюмдар-
дан, мекемелерден, ишканалардын жана алардын кызмат адамдарынан теле-
көрсөтүү жана радио боюнча билдирүүлөрдү даярдоо үчүн зарыл маалымат-
тарды алууга;
- өз ишин маалыматтардын объективдүүлүк, тактык, калыстык жана
тењдештик принциптерине ылайык өз алдынча түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык түзгөн
продукциясын, алган кирешесин жана башка каражаттарды тескөөгө, автор-
дук укуктардан пайдаланууга;
- филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү, башка аймактык жана ведомство-
лук бөлүмдөрдү, чыгармачыл топторду жана кабарчылар пункттарын (анын
ичинде чет өлкөлөрдө) түзүүгө (жоюуга) жана өз карамагында ээлик кылуу-
га, алар жөнүндө Жобону бекитүүгө же күчүн жоготту деп табууга;
- Корпорациянын, филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн, Корпорация-
нын башка ведомстволук жана региондук бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин
штаттык санын Кыргыз Республикасынын Президенти аныктаган Корпорациянын
санынын чегинде аныктоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тышкы экономикалык иш
жүргүзүүгө;
- ижарага алган техникалык каражаттардын жана ободогу байланыш ка-
налдарынын ишинин сапатын контролдоого;
- берүүлөрдүн формасын, көлөмүн жана убактысын өз алдынча аныктоо-
го, ата-мекендик жана чет өлкөлүк өндүрүшчүлөрдөн, ошондой эле жеке
жактардан телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын
мыйзамынын талаптарын эске алуу менен аудио- жана видео продукцияларды,
телерадиопрограммаларды, кинофильмдерди сатып алууга;
- ата-мекендик жана чет өлкөлүк өндүрүшчүлөрдүн, ошондой эле жеке
жактардын видеопродукцияларынын укук ээлери менен макулдашуу менен акы-
сыз негизде жайгаштырууга;
- өзүнүн аудио- жана видео продукцияларын, фонддук жазууларын са-
тып өткөрүүгө, республиканын жана чет өлкөлөрдүн телерадиоуюмдары менен
телепрограммаларды жана фильмдерди алмашууга;
- Корпорациянын адистерин даярдоого, кайра даярдоого жана квалифи-
кациясын жогорулатууга;
- түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык Корпорациялардын ишин
изилдөөнү жана текшерүүнү (анын ичинде комплекстүү) жүргүзүүгө, алардын
натыйжасы боюнча аныкталган кемчиликтерди жана бузууларды жоюу боюнча
чараларды көрүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамына карама-каршы келбеген консуль-
тациялык жарнама-басма, окутуу жана иштин башка түрлөрүн жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товарларды, продукци-
яларды, жабдууларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана жумуштарды сатып алууга,
тендер өткөрүүгө;
- нускамаларды, жоболорду, эрежелерди жана башка ички ведомстволук
ченемдик актыларды чыгарууга, алардын аткарылышына контролдук кылууга;
- зарыл маалыматтык-презентациялык материалдардын, аудио-видео
фильмдердин жана башка иштердин буюртмачысы катары чыгууга;
- телекөрсөтүүнүн жана радионун маселелери боюнча координациялык,
эксперттик кењештерди, убактылуу чыгармачыл жамааттарды жана жумушчу
топторду түзүүгө;
- Корпорациянын ишин өркүндөтүү маселелери боюнча илимий мекеме-
лерди, илимпоздорду жана адистерди, анын ичинде чет өлкөлүктөрдү кели-
шимдик негизде тартууга;
- белгиленген тартипте, ведомстволук ишканаларды жана мекемелерди
түзүүгө, кайра уюштурууга же жоюуга, алар жөнүндө жобону бекитүүгө же
күчүн жоготту деп табууга;
- өздөрү, башка жактар түзгөн уюмдардын катышуучусу (уюштуруучусу)
катары чыгууга;
- акы төлөнүүчү консультацияларды, маалымат-аныктама жана башка
кызматтарды келишимдик негизде көрсөтүүгө;
- финансы-чарбалык ишке, өзүнүн филиалдарындагы,
өкүлчүлүктөрүндөгү, аймактарындагы жана ведомстволук бөлүмдөрүндөгү
бухгалтердик эсепке контролдук кылууга;
- телерадиоберүү маселелери боюнча ар кандай ассоциацияларга, со-
юздарга жана башка эл аралык коомдук уюмдарга кирүүгө;
- Корпорациянын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнө, ошондой
эле башка мамлекеттик жана мамлекеттик эмес телерадио компанияларга те-
лекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын
талаптарын эске алуу менен келишимдик негизде ободон убакыт берүүгө;
- Корпорациянын кадрларынын квалификациясын жогорулатууга байла-
нышкан өкүлчүлүк чыгымдарды, иш-сапардык чыгымдарды, автотранспортту,
уюктук байланыш, телефон-телеграф кызматтарын атайын каражаттардын эсе-
бинен, эгерде бул максаттарга бюджеттик каражаттар жетпесе, күтүү боюн-
ча чыгымдардын жалпы суммасынын ордун толтурууга;
- региондук телерадиокомпаниялардын чыгармачылык жана чарбалык иш-
терине көмөк көрсөтүүнү камсыз кылууга жана аларга усулдук, практика-
лык, техникалык жана башка жардам көрсөтүүгө;
- ар кандай телерадио конкурстарды, оюндарды, шоу жана концерттер-
ди, анын ичинде коммерциялык негизде өткөрүүгө;
- министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-
тволор, башка мамлекеттик органдар, ошондой эле ишканалар, уюмдар, ме-
кемелер, ата-мекендик жана чет өлкөлүк телерадиокомпаниялар, жеке жак-
тар менен эркин жана үзүрлүү чыгармачыл-өндүрүштүк кызматташтык үчүн
шарт түзүү максатында келишимдик негизде өз ара аракеттенүүнү камсыз
кылууга;
- Корпорацияга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн Кыргыз Республи-
касынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка укуктарды жүргүзүүгө.
13. Корпорация төмөнкүлөргө милдеттүү:
- республиканын бүткүл аймагына анык, объективдүү, калыс жана
тењдештирилген маалыматтарды, анын ичинде үчүнчү жактардан алынган маа-
лыматтарды таркатууга;
- коом талап кылган бардык багыттарды көњүлгө алуу менен програм-
малардын ар түрдүүлүгүн камсыз кылууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарын эске алуу менен ма-
алыматтарды таркатууда автордук жана аралаш укуктарды сактоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарын эске алуу менен ку-
пуя маалыматтарды таркатууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарын эске алуу менен
жарнамаларды таркатууга;
- мамлекеттик телерадиоберүүнүн материалдык-техникалык базасын
өркүндөтүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган зарыл иш-чараларды
жүргүзүүгө;
- телерадиоберүү жагында чет өлкөлүк телерадиоуюмдар менен кызмат-
таштыкты өнүктүрүүгө;
- аудио-визуалдык техника жана технология жагында дүйнөлүк аналог-
дорду пайдалануу менен мамлекеттик телерадиоберүү ишин өнүктүрүүнүн
бирдиктүү саясатын иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышууга;
- мамлекеттик жана мамлекеттик эмес телерадио уюмдарга консульта-
циялык жана башка жардам көрсөтүүгө;
- Корпорация чыгарган телерадиоберүү продукцияларынын архивин
түзүүгө, телевизиондук фильмдерди чыгарууга;
- берүүлөрдүн жалпы көлөмүндө жана берүү убактысында программалар-
дын жана берүүлөрдүн жарымынан ашыгын, өз продукциясынын кеминде 50%ын
жана улуттук аудио-визуалдык продуктунун же Кыргызстандын авторлорунун
же аткаруучуларынын музыкалык чыгармаларынын кеминде 60%ын мамлекеттик
тилде жүргүзүүгө.
IV. Корпорациянын ишин уюштуруу
14. Корпорацияга башкы директор башчылык кылат, ал Кыргыз Респуб-
ликасынын Президенти тарабынан дайындалат жана бошотулат.
Башкы директордун үч орун басары болот, алар Кыргыз Республикасы-
нын Президенти тарабынан дайындалат жана кызматтан бошотулат.
15. Ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн, филиалдардын жана
өкүлчүлүктөрдүн жетекчилерин башкы директор дайындайт жана бошотот.
Алардын орун басарларын башкы директордун орун басарларынын сунушу же
алар менен макулдашуу боюнча башкы директор дайындайт жана бошотот.
16. Корпорацияда байкоочу кењеш түзүлөт, анын мүчөлөрү Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан шайланат.
17. Корпорацияга жана анын бөлүмдөрүнө жүктөлгөн милдеттерди атка-
руу менен байланышкан алда канча маанилүү маселелерди карап чыгуу үчүн
Корпорацияда башкы директордун, анын орун басарларынын, жетектөөчү
түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин жана Корпорациянын башка кызматкер-
леринин курамында коллегия түзүлөт. Коллегиянын жекече курамын Корпора-
циянын башкы директору бекитет.
V. Корпорациянын башкаруу органдары
18. Корпорациянын башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
- байкоочу кењеш;
- коллегия
- башкы директор.
VI. Корпорациянын байкоочу кењеши
19. Корпорациянын байкоочу кењеши 11 мүчөдөн турган коллегиялуу
орган болуп саналат. Корпорациянын байкоочу кењешинин мүчөлөрү Кыргыз
Республикасынын Президентинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жо-
горку Кењеши тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
20. Байкоочу кењештеги иши менен байланышкан чыгымдардын ордун
толтурууда Корпорациянын байкоочу кењешинин мүчөлөрү Корпорациянын ка-
ражаттарынын эсебинен 20дан ашык эмес эсептик көрсөткүч өлчөмүндө жылы-
на бир жолу төлөмдөрдү ала алышат.
VII. Корпорациянын байкоочу кењешинин ыйгарым укуктары
21. Байкоочу кењешке төмөнкүлөр жүктөлөт:
- байкоочу кењештин регламентин бекитүү, редакциялык принциптерди
аныктоо жана Корпорациянын өнүгүү принциптерин бекитүү, алардын аткары-
лышын контролдоо;
- Корпорациянын чыгымдарынын (бюджетинин) сметасын карап чыгуу жа-
на макулдашуу, Корпорациянын иши, финансылык каражаттарды, мүлктү жана
башка активдерди пайдалануу жөнүндө башкы директордун жана башка кызмат
адамдарынын финансылык жана башка отчетторун угуу жана бекитүү;
- Корпорациянын түзүмүн жана штаттык санын, кызматкерлерди сыйлык
акы менен сыйлоо жана башка дем берүү системаларын карап чыгуу жана ма-
кулдашуу;
- Корпорацияны өнүктүрүү жана материалдык кубаттоо фонду жөнүндө
жобону карап чыгуу жана бекитүү;
- Корпорациянын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн финансылык-чарба-
лык иши жөнүндө документтерди берүүсү жөнүндө башкы директорго, анын
орунбасарына карата суроо-талаптарды ишке ашыруу;
- маселенин темасын аныктоо, анын ичинде Корпорациянын иши жана
аны өнүктүрүү маселелери боюнча коомдук угууларды өткөрүү;
- телерадиожурналисттердин уставды сакташына контролдук кылуу;
- телерадиожурналисттердин укуктарынын, Корпорациянын чыгармачыл
ишинде цензурага жана кийлигишүүгө тыюу салуу жөнүндө талаптардын сак-
талышын контролдоо;
- Корпорациянын финансылык тартипти бузган кызмат адамдарын жооп-
керчиликке тартуу жөнүндө сунуштарды көтөрүү;
- Корпорацияны жетектөөдөн анын жетекчисин четтетүү жөнүндө Прези-
дентке тийиштүү сунуштарды киргизүү менен маселени карап чыгуу;
- Байкоочу кењештин дарегине жарандардан жана уюмдардан келип
түшкөн арыздарды жана кайрылууларды карап чыгуу;
- "Телекөрсөтүү жана радиоберүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамында жана Корпорациянын ушул Уставында каралган башка ыйгарым
укуктар.
VIII. Корпорациянын байкоочу кењешинин
жыйналышын өткөрүү тартиби
22. Корпорациянын байкоочу кењеши (мындан ары - кењеш) жылына 2
жолудан кем эмес чакыртылат, мында ар бир жањы жылдын 1-мартынан кечик-
тирилбестен кењештин жылдык жыйналыштары өткөрүлөт, анда өткөн жылдагы
кењештин ишинин жыйынтыктары чыгарылат.
23. Кењештин кезексиз жыйналыштары кењештин төрагасынын, Корпора-
циянын башкы директорунун же анын мүчөлөрүнүн курамынын үчтөн биринен
кем эмесинин өтүнүчү боюнча чакырылат.
24. Кењештин мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмес мүчөлөрү катышса
жыйналыш ыйгарым укуктуу. Кворум жок болсо, жыйналыш жылдырылат.
Кењештин чечимдери кењештин мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу
менен кабыл алынат.
25. Кењешти төрага жетектейт. Кењештин төрагасы анын мүчөлөрүнүн
ичинен көпчүлүк добуш менен кењеш тарабынан шайланат.
26. Кењештин төрагасынын компетенциясына төмөнкү милдеттер кирет:
- жыйналышты өткөрүү убактысы, өткөрүлүүчү орду жана күн тартибин
аныктоо;
- жыйналышты анын күн тартибине ылайык даярдоону камсыз кылуу;
- кењештин жыйналыштарына жетекчилик кылуу;
- жыйналышта төрагалык кылуучу өзү жок боло турган учурда кењештин
мүчөлөрүнүн бирин дайындоо;
- кењештин чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу.
27. Кењештин төрагасы, эгерде ага кењештин бүткүл курамынын үчтөн
экиси ишеним көрсөтпөсө кайра чакыртылат.
28. Кењештин жыйналышы кењештин мүчөлөрү шайлаган катчы тарабынан
протоколдоштурулат. Катчынын милдетине төмөнкүлөр кирет:
- жылдык, кезектеги жана кезексиз жыйналыштарды чакыртуу боюнча
бүткүл уюштуруу иштерин өткөрүү, жыйналыш үчүн зарыл материалдарды жана
кењештин мүчөлөрү үчүн документтерди даярдоо, берилген материалдарды
иштеп чыгуу жана жалпылоо;
- жылдык жана кезектеги жыйналыштарды өткөрүү жөнүндө 30 күндөн
кечиктирбестен жыйналыштар, алардын күн тартиби, убактысы жана өткөрүлө
турган орду жөнүндө жана аны өткөргөнгө чейин 10 күндөн кечиктирбестен
кезексиз жыйналышты чакыруу жөнүндө кењештин мүчөлөрүнө билдирүү
түрүндө маалымдоо;
- кењештин иш кагаздарын жүргүзүү.
29. Кењештин ишин камсыз кылуу башкы директорго жүктөлөт, ал
кењешүүчү добуш берүү укугу менен байкоочу кењештин жыйналыштарына ка-
тышат.
IX. Корпорациянын коллегиясы
30. Коллегиянын ишин уюштуруу жана маселелерди карап чыгуу тартиби
коллегиянын курамы кабыл алган регламент менен аныкталат. Коллегиянын
ишине - Корпорациянын директору, ал эми ал жокто анын орун басарларынын
бири жетекчилик кылат.
X. Корпорациянын башкы директору
31. Башкы директор Корпорациянын аткаруучу органы болуп саналат.
32. Башкы директор Корпорацияны башкарат жана анын бардык операци-
ялары жана иштин түрлөрү үчүн жоопкерчилик тартат. Башкы директордун
орун басарлары башкы директордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын
Президенти тарабынан дайындалат жана кызматтан бошотулат.
33. Корпорациянын башкы директору:
- Корпорациянын ишине жетекчилик кылат, филиалдарга,
өкүлчүлүктөргө, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөргө жалпы жетекчилик
кылат, Корпорацияга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жооп
берет;
- байкоочу кењеш менен макулдашкандан кийин Кыргыз Республикасынын
Президенти аныктаган Корпорациянын санынын чектеринде Корпорациянын
түзүмүн жана кызмат орундарынын санын бекитет;
- Корпорациянын атынан иш алып барат жана анын Кыргыз Республика-
сынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган-
дары, ошондой эле эл аралык уюмдар, ведомстволор, ишканалар менен өз
ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;
- өзүнүн орун басарларынын ортосунда кызматтык милдеттерди
бөлүштүрөт жана милдеттерди аткаруу үчүн аларга жоопкерчиликти жүктөйт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана бекитилген мам-
лекеттик ассигнованиелердин жана Корпорациянын атайын каражаттарынын
чектеринде кызматтык айлык акыларга үстөк акылардын тартибин, шарттарын
жана өлчөмүн аныктайт;
- байкоочу кењеш менен макулдашкандан кийин жана Кыргыз Республи-
касынын мыйзамдарына ылайык бюджеттик жана атайын каражаттардын эсеби-
нен Корпорациянын, анын филиалдарынын, өкүлчүлүктөрүнүн, аймактык жана
ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетектөөчү курамын жана кызматкерлерин сыйлоо
системасын жана алардын эмгегин стимулдаштыруунун башка формаларын бел-
гилейт;
- Корпорациянын, филиалдардын, өкүлчүлүктөрдүн, аймактык жана ве-
домстволук бөлүмдөрдүн кызмат орундарынын, анын ичинде ишке кабыл алуу
конкурстук негизде жүргүзүлгөн кызмат орундардын тизмесин аныктайт;
- Корпорациянын кызматкерлерин жана Корпорациянын филиалдарынын,
өкүлчүлүктөрүнүн, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилерин
дайындайт жана кызматтан бошотот, аларга карата кубаттоо же тартипке
салуу жазасын колдонот;
- белгиленген тартипте Корпорациянын бөлүмдөрүн түзүү, өзгөртүп
түзүү жана жоюу маселелерин чечет;
- Корпорациянын филиалдарынын, өкүлчүлүктөрүнүн, аймактык жана ве-
домстволук бөлүмдөрүнүн милдеттерин аныктайт;
- филиалдардын, өкүлчүлүктөрдүн, аймактык жана ведомстволук
бөлүмдөрдүн уставдарын бекитет жана күчүн жоготту деп табат, алардын
финансы-чарбалык ишин жана бухгалтердик эсебин контролдойт;
- өз компетенциясынын чектеринде Корпорациянын бардык бөлүмдөрү
аткарууга милдеттүү болгон Корпорациянын буйруктарын, нускоолорун, эре-
желерин жана башка локалдык документтерин чыгарат жана бекитет, алардын
аткарылышын уюштурат жана контролдойт;
- Корпорациянын ишин жөнгө салган башка документтерге өзгөртүүлөр
жана толуктоолор боюнча сунуштарды киргизет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Корпо-
рациянын максаттарына жана милдеттерине ылайык кредиттерди, гранттарды,
спонсордук жана башка каражаттарды тартат;
- байкоочу кењеш менен макулдашкандан кийин Корпорациянын чыгымда-
рынын сметаларын (бюджеттерин), пландык документтерин жана финансылык
отчетторун бекитет;
- Корпорациянын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка актив-
дерин пайдалануу жөнүндө Корпорациянын кызмат адамдарынын отчетторун
угат;
- финансы-чарбалык ишти жүзөгө ашыруу менен байланышкан документ-
терди Корпорациянын тиешелүү кызмат адамдарынан белгиленген тартипте
суратат;
- теле- жана радиоберүүнүн убактысынын жана мезгилдүүлүгүнүн тар-
тибин аныктайт;
- уставда аныкталган милдеттерди чечүү үчүн комиссияларды, жумушчу
топторду түзөт;
- Корпорациянын иши боюнча документацияны көз карандысыз текшерүү,
аудит, консультацияларды алуу үчүн консультанттарды тартат жана жумушчу
топторду түзөт;
- Корпорациянын ишине тиешелүү зарыл маалыматты мамлекеттик орган-
дардан жана уюмдардан белгиленген тартипте суратат жана алат;
- Корпорация, башка жактар түзгөн уюмдарда уюштуруучу катары анын
катышуусунун маселелерин белгиленген тартипте чечет;
- табылган кемчиликтерди, эреже бузууларды жоюу боюнча Корпорация-
нын кызматкерлери милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон зарыл
көрсөтмөлөрдү берет;
- өнүктүрүү жана материалдык кубаттоо фондун башкарат жана тес-
кейт;
- Корпорациянын ишинин маселелери боюнча юридикалык жана жеке жак-
тардын арыздарын, сунуштарын жана даттанууларын карап чыгууну белгилен-
ген тартипте уюштурат;
- филиалдардын, өкүлчүлүктөрдүн, аймактык жана ведомстволук
бөлүмдөрдүн ишин иликтөөнү жана текшерүүнү (анын ичинде комплекстүү)
жүргүзүүнү уюштурат, алардын натыйжалары боюнча табылган кемчиликтерди
жана эреже бузууларды жоюу үчүн чараларды көрөт;
- ушул Уставдан келип чыккан, ошондой эле мыйзамдарда каралган
башка ыйгарым укуктарды жана функцияларды жүзөгө ашырат.
34. Башкы директордун орун басарлары өз ыйгарым укуктарынын чекте-
ринде өздөрүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди ка-
был алат, куратордук кылган чөйрөлөр боюнча зарыл документтерге кол ко-
ет.
XI. Корпорациянын мүлкү жана анын ишин финансылоо
35. Корпорацияны финансылоо Кыргыз Республикасынын республикалык
бюджетинин эсебинен жүргүзүлөт.
36. Финансылоо ошондой эле төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлүшү
мүмкүн:
- жарнаманын, гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын;
- продукцияны, иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү, чарбалык иштин башка
түрлөрүн сатуудан алынган өз каражаттарынын;
- автордук укуктарды пайдалануу менен байланышкан кирешелердин;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка кире-
шелердин.
37. Корпорациянын имараттары, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү мам-
лекеттик менчик болуп саналат жана Корпорацияга оперативдүү башкаруу
укугунда бекитилет.
XII. Корпорациянын Уставына өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү тартиби
38. Бул Уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасы-
нын Президенти тарабынан киргизилет.
39. Уставга киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон
өтүүгө тийиш.
XIII. Корпорациянын ишин токтотуу
40. Корпорациянын иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белги-
ленген тартипте жоюу жана өзгөртүп түзүү түрүндө токтотулушу мүмкүн.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндөЗакон · 02.06.2008 · № 106
- КР Президентинин жарлыгы 2008-жылдын 4-сентябры № 317 "Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясын реформалоо боюнча кээ бир чаралар жөнүндөУказ · 04.09.2008 · № 317 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон