# КР Президентинин жарлыгы 2008-жылдын 4-сентябры № 317 "Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясын реформалоо боюнча кээ бир чаралар жөнүндө

- Толук аталышы: КР Президентинин жарлыгы 2008-жылдын 4-сентябры № 317 "Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясын реформалоо боюнча кээ бир чаралар жөнүндө
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 317
- Кабыл алынган күнү: 04.09.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4775>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2333/edition/1184197/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4775.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин жарлыгы 2008-жылдын 4-сентябры № 317 "Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясын реформалоо боюнча кээ бир чаралар жөнүндө (15.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4775

---

КР Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ N 283 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2008-жылдын 4-сентябры ПЖ № 317

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясын реформалоо боюнча кээ бир чаралар жөнүндө

"Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын, мамлекеттик телерадиоберүүнүн башка түзүмдөрүнүн иши- нин натыйжалуулугун жогорулатуу, өлкөнүн калкынын объективдүү жана ар тараптуу маалыматка болгон керектөөлөрүн андан ары канааттандыруу мак- сатында токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын

(мындан ары - УТРК) сунушуна макулдук берилсин жана:

- төмөнкүлөр УТРКнын курамынан чыгарылсын жана Кыргыз Республика-

сынын Маданият жана маалымат министрлигинин карамагына берилсин:

А.Жумахматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык симфониялык

оркестри; камералык хор; "Учур" телетеатры;

- төмөнкүлөр УТРКнын түзүмүнөн чыгарылсын жана Кыргыз Республика-

сынын Маданият жана маалымат министрлигинин карамагына өткөрүп берил- син: өлкөдөгү окуяларды жалпы мамлекеттик чагылдырууну координациялоо, төмөнкү аталган телерадиокомпанияларына усулдук, консультациялык жана практикалык жардам берүү функциясын УТРКда калтыруу менен Чүй, Нарын, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Баткен жана Талас облустук телерадиокомпаниялары.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:

- ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу, финансылык жана башка ма-

селелерди чечсин;

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. УТРКнын тиркелген Уставы бекитилсин.

4. УТРКнын башкы директору белгиленген тартипте жана Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтү менен макулдашуу боюнча бир айлык мөөнөттө УТРКнын кызматкерлеринин штаттык санынын чегин иштеп чыксын жана Кыргыз Респуб- ликасынын Президентинин бекитүүсүнө киргизсин.

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргызстан Республикасынын Президентинин указдары:

"Кыргызстан Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясын түзүү жөнүндө" 1991-жылдын 21-февралындагы № 98; "Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы жөнүндө" 1991-жылдын 19-ап- релиндеги № 168 ;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин указдары жана жарлыктары:

"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү корпорациясын түзүү жөнүндө" 1998-жылдын 16-мартындагы № 74 ; "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" 2002-жылдын 14-сентябрындагы № 246; "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы жө- нүндө" 2006-жылдын 19-январындагы № 21; "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын маселелери жөнүндө" 2006-жылдын 28-мартындагы № 145; "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын Байкоочу кењеши жөнүндө" 2006-жылдын 13-ноябрындагы № 554; "2006-жылдын 28-мартындагы № 145 "Кыргыз Республикасынын Мамлекет- тик телерадиоберүү компаниясынын маселелери жөнүндө Кыргыз Республика- сынын Президентинин 2006-жылдын 28-мартындагы № 145 Жарлыгына өзгөртүү- лөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" 2007-жылдын 15-февралындагы № 61; "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясын Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясына кайра тү- зүү жөнүндө" 2007-жылдын 26-мартындагы № 108; "2007-жылдын 26-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик те- лерадиоберүү компаниясын Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясына кайра түзүү жөнүндө" Кыргыз Репсубликасынын Президенти- нин Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу 2007-жылдын 9-апрелиндеги № 164;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин буйруктары:

2001-жылдын 18-апрелиндеги № 134; 2004-жылдын 27-июлундагы № 162.

6. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин басмасөз-кызматына жүктөлсүн.

7. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
