# КР Президентинин жарлыгы 2008-жылдын 1-сентябры № 311 "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалы жөнүндөгү жобону жана анын сүрөттөлүшүн бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 10-февралындагы Указына өзгөртүү киргизүү жөнүндө"

- Толук аталышы: КР Президентинин жарлыгы 2008-жылдын 1-сентябры № 311 "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалы жөнүндөгү жобону жана анын сүрөттөлүшүн бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 10-февралындагы Указына өзгөртүү киргизүү жөнүндө"
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 311
- Кабыл алынган күнү: 01.09.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4774>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2332/edition/1124408/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4774.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин жарлыгы 2008-жылдын 1-сентябры № 311 "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалы жөнүндөгү жобону жана анын сүрөттөлүшүн бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 10-февралындагы Указына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" (31.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4774

---

КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2008-жылдын 1-сентябры ПЖ № 311

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

"Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалы жөнүндөгү жобону жана анын сүрөттөлүшүн бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 10-февралындагы Указына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кызматтык милдеттерди аткаруу учурунда алда канча айырмаланган, ошондой эле иште мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен аскер кызматчыларын жана укук коргоо органдарынын аттестацияланган кызматкерлерин кубаттоо мак- сатында токтом кылам:

1. "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалы жөнүндөгү жобону жана

анын сүрөттөлүшүн бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президенти- нин 1999-жылдын 10-февралындагы № 36 Указы менен бекитилген "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалы жөнүндөгү жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"1. "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалы менен Кыргыз Респуб- ликасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Чек ара кызма- тынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын аскер кызматчылары, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасы- нын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекет- тик күзөт кызматынын, аскердик прокуратуранын жана аскердик соттордун, Кыргыз Республикасынын Бањги заттарга контролдук боюнча агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аскер кызматчылары жана аттестацияланган кызматкерлери кызматтык милдеттерин ак ниеттүү аткар- гандыгы, күжүрмөн жана саясий даярдыгынын эњ мыкты көрсөткүчтөрү үчүн жана календардык эсептөө боюнча 15 жыл жана андан ашык мезгил кызмат өтөгөндөр сыйланат.".

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
