Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын судьяларына квалификациялык класстарды берүү тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2008-жылдын 10-сентябрындагы
№ 328 жарлыгы менен
бекитилген
(КР Президентинин 2010-жылдын 26-январындагы ПЖ N 13 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын судьяларына квалификациялык
класстарды берүү тартиби жөнүндө
ЖОБО
I глава
Жалпы жоболор
1. Бул Жобо "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Кыргыз Республи-
касынын судьяларына квалификациялык класстарды берүү тартибин жана
шарттарын аныктайт жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кењешин Кыргыз
Республикасынын Жогорку жана Конституциялык сотторунун алдындагы судь-
ялардын квалификациялык коллегияларынын укугун мурастоочу деп белги-
лейт.
2. Квалификациялык класстар Кыргыз Республикасынын ар бир судьясы-
на ээлеген кызматына, судьянын кызматындагы иш стажына, сот адилеттигин
жүзөгө ашыруунун сапатына, кынтыксыз жүрүш-турушуна жараша берилет.
Судьяга квалификациялык классты берүү Кыргыз Республикасындагы башка
судьялар жагынан анын статусун өзгөртүүнү билдирбейт.
II глава
Квалификациялык класстар
3. Квалификациялык класстар төмөнкүлөргө бөлүнөт:
- бешинчи квалификациялык класска;
- төртүнчү квалификациялык класска;
- үчүнчү квалификациялык класска;
- экинчи квалификациялык класска;
- биринчи квалификациялык класска;
- жогорку квалификациялык класска.
III глава
Квалификациялык класстарды берүү
тартиби жана шарттары
4. Кыргыз Республикасынын судьяларына төмөнкүдөй квалификациялык
класстар берилет:
1) жергиликтүү соттордун судьяларына - бешинчи - экинчи квалифика-
циялык класстар;
2) Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Кыргыз Республи-
касынын Жогорку сотунун судьяларына - биринчи жана жогорку квалификаци-
ялык класстар.
Жергиликтүү соттордун судьяларына иш стажына, сот адилеттигин
жүзөгө ашыруунун сапатына, кынтыксыз жүрүш-турушуна жараша биринчи квалификациялык класс берилиши мүмкүн. (КР Президентинин 2010-жылдын 26-январындагы ПЖ № 13 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
5. Кезектеги квалификациялык класс үч жылдан эрте берилбейт. Мында
үч жылдык мөөнөт судьянын ыйгарым укуктары жүзөгө ашырылбаган мезгилде-
ги мөөнөттү өзүнө камтыбайт. Судьяга тартип жазасы колдонулган учурда
үч жылдык мөөнөттүн өтүшү тартип жазасы тындырылды деп эсептелген күнгө
чейин убактылуу токтотулат.
Судьяга анын квалификациясын, судьянын кызматындагы иш стажын жана
иш тажрыйбасын эске алуу менен, ээлеген кызмат орду боюнча каралганга
карабастан, ырааттуулукту жана берилген квалификациялык класста болуу
мөөнөтүн сактабастан, бирок ал ээ болгон класстан эки квалификациялык
класстан ашпаган квалификациялык классты берүүгө жол берилет.
6. Кыргыз Республикасынын судьяларына квалификациялык класстар
Кыргыз Республикасынын Судьялар кењешинин (мындан ары - Судьялар кење-
ши) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан берилет.
7. Тиешелүү соттун төрагасы судья берилген квалификациялык класста
болушунун мөөнөтү аяктаган күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен су-
нушту андан ары карап чыгуу үчүн аны Судьялар кењешине киргизет.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьяларына сунуш
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы тарабынан Судья-
лар кењешине киргизилет. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун
Төрагасына сунушту Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын
биринчи орун басары киргизет.
Жергиликтүү соттордун төрагаларына сунуштар жогору турган соттор-
дун төрагалары тарабынан Судьялар кењешине киргизилет.
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына сунушту
тиешелүү соттордун төрагалары Судьялар кењешине киргизет.
8. Судьялар кењеши квалификациялык классты берүү жөнүндө маселени
тиешелүү соттун төрагасынын сунушу келип түшкөн күндөн тартып бир айдын
ичинде карайт.
9. Квалификациялык классты берүү жөнүндө сунуш судьянын кесиптик
ишине баа берүүнү, ишмер жана адептик сапаттарын чагылдырган ага мүнөз-
дөмөнү, ошондой эле ал сот адилеттигин жүзөгө ашырышынын сапаты жөнүндө
маалыматты камтууга тийиш.
10. Кызмат ордуна биринчи жолу дайындалган жана квалификациялык
классы болбогон жергиликтүү соттун судьясына бешинчи квалификациялык
класс дайындалган күндөн тартып алты айдан кийин берилет.
11. Квалификациялык класстарды берүү жөнүндө маселелерди карап чы-
гуу учурунда Судьялар кењешинин жыйналыштары Судьялар кењешинин Регла-
ментине ылайык өткөрүлөт.
Сунушту киргизген соттун төрагасы Судьялар кењешинин жыйналышына
катышууга укуктуу.
Сунуш кылынган документтерди иликтеп чыккандан кийин Судьялар ке-
њеши квалификациялык классты ыйгарууга корутунду берүү жөнүндө же судь-
яны мурдагы класста калтыруу жөнүндө чечим кабыл алат.
Судьялар кењеши судьяны ага мурда берилген квалификациялык класста
калтыруу жөнүндө чечим кабыл алган учурда кайталап карап чыгуу көрсө-
түлгөн чечим кабыл алынган күндөн тартып бир жылдан кийин жүргүзүлөт.
12. Квалификациялык классты берүү жөнүндө корутундуну Судьялар ке-
њеши Кыргыз Республикасынын Президентине жөнөтөт.
13. Квалификациялык класстар берилген судьялар анда өмүр бою ка-
лат. Кезектеги квалификациялык классты берген учурда мурдагы квалифика-
циялык класс жоготулат.
14. Судьяны квалификациялык класстан ажыратууга жазык иши боюнча
соттун өкүмү менен дайындалган кошумча жазанын түрү катары сот тарти-
бинде гана жол берилет.
IV глава
Квалификациялык класстарга кошумча акылар
15. Квалификациялык класстары бар судьялардын кызматтык айлык акы-
ларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кошум-
ча акылар белгиленет.
Аскердик наамы бар аскер сотторунун судьяларына квалификациялык
класстар берилбейт, ал эми алардын кызматтык айлык акыларына кошумча
акы аскердик наамы үчүн жүргүзүлөт.
16. Судьяны кызматтан бошоткон учурда ага берилген квалификациялык
класс сакталат, бирок квалификациялык класс үчүн кошумча акы төлөнбөйт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (2)
- КР Президентинин Жарлыгы 2008-жылдын 10-сентябры №328 (Кыргыз Республикасынын судьяларына квалификациялык класстарды берүү тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу)Указ · 10.09.2008 · № 328
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Президентинин 2008-жылдын 10-сентябрындагы ПЖ № 328 "Кыргыз Республикасынын судьяларына квалификациялык класстарды берүү тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" ЖарлыгыПостановление · 10.09.2008 · № 328
- Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндөЗакон · 09.07.2008 · № 141 · Күчүн жоготкон