# Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 17-мартындагы №121 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы Жарлыгына толуктоо киргизүү тууралу" жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 17-мартындагы №121 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы Жарлыгына толуктоо киргизүү тууралу" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.12.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4760>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2321/edition/523159/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4760.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.12.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 17-мартындагы №121 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы Жарлыгына толуктоо киргизүү тууралу" жарлыгы (14.12.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4760

---

КР Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы ПЖ № 573 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫГЫ 2006-жылдын 17-марты ПЖ № 121 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы Жарлыгына толуктоо киргизүү тууралу

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 19-июнундагы ПЖ № 223 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жана системасын андан ары өркүндөтүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы № 607 Жарлыгына төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- аталган Жарлыктын "Мамлекеттик башкаруу органдарынын мамлекеттик кызмат орундарынын ченемдик түзүмү" деген № 5 тиркеменин эскертүүсүнүн 3-пунктунда "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматы" деген сөздөр менен толукталсын;

- аталган Жарлыктын "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жетекчилеринин орунбасарларынын санынын чеги" (статс-катчыларды кошпогондо) деген № 6 тиркемесинде:

2-мамычада (Аталышы). 1-пункт "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы" деген сөздөр менен толукталсын. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 19-июнундагы ПЖ № 223 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
