# Кыргыз Республикасынын 2006 -жылдын 3-мартындагы №95 "Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин объекттерин реставрациялоо жана куруу жөнүндө"жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006 -жылдын 3-мартындагы №95 "Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин объекттерин реставрациялоо жана куруу жөнүндө"жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 95
- Кабыл алынган күнү: 03.03.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.06.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4759>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2320/edition/522714/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4759.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.06.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2006 -жылдын 3-мартындагы №95 "Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин объекттерин реставрациялоо жана куруу жөнүндө"жарлыгы (19.06.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4759

---

2006-жылдын 3-марты ПЖ N 95

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы

Элчилигинин объекттерин реставрациялоо

жана куруу жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Президентинин

2008-жылдын 19-июнундагы ПЖ № 223 Жарлыгынын

редакциясына ылайык)

Саясий, экономикалык, маданий жана соода чөйрөсүндө кыргыз-россия-

лык кызматташтыкты андан ары чыњдоо максатында токтом кылам:

1. 2003-жылы 22-сентябрда Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы дипломатиялык

өкүлчүлүгүн жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы дипло-

матиялык өкүлчүлүгүн жайгаштыруунун шарттары жөнүндөгү Макулдашууга

ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республи-

касынын Москва шаарындагы: Москва шаары, Большая Ордынка көчөсү 62/1

үй, 1-курулуш жана 64-үй, 1- жана 4-курулуштар дарегиндеги Кыргыз Рес-

публикасынын Элчилигинин имаратын Кыргыз Республикасына өткөрүп берүү

маселесин Россия Федерациясынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары-

нын карашын жана чечим кабыл алышын тездетсин.

2. Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын Элчилигинин алдын-

да Кыргыз маданий борбору (мындан ары - Борбор) түзүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кыз-

маткерлеринин санынын чеги кењешчинин кызмат орду менен бир бирдикке

көбөйтүлсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- алдында соода үйүнүн иштешин кароо менен Борборду түзүү жана

анын иштеши менен байланышкан уюштуруу жана башка маселелерди чечсин;

- Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин има-

ратын капиталдык ремонттоону жана реставрациялоону, Элчиликтин аймагын-

да кошумча имаратты курууну жана Борбордун имаратын, ошондой эле Москва

шаарында Манастын эстелигин курууну жана орнотууну финансылоону камсыз

кылсын.

5. "Кыргыздипсервис" Мамлекеттик ишканасына жана Кыргыз Республи-

касынын Россия Федерациясындагы Элчилигине Кыргыз Республикасынын Тышкы

иштер министрлиги менен макулдашуу боюнча эларалык тажрыйбаны эске алуу

менен өзара пайдалуу келишимдик негизде инвесторлорду жана курулуш ком-

панияларын тартуу аркылуу элчиликтин аймагында кошумча имаратты куруу

менен Элчиликтин имаратын долборлоого капиталдык ремонттоого жана рес-

таврациялоого жана Москва шаарында борборду курууга белгиленген тартип-

те уруксат кылынсын.

6. "Кыргыздипсервис" Мамлекеттик ишканасы жана Кыргыз Республика-

сынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын Россия

Федерациясындагы Элчилигинин Имаратын капиталдык ремонттого жана рес-

таврациялоого, ошондой эле соода үйү менен Кыргыз маданий борборун ку-

рууда тендердик негизде заказчы катары чыксын.

7. Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги жана Кыргыз Респуб-

ликасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Москва шаарында Манастын эс-

телигин куруу жана орнотуу боюнча уюштуруу маселелерин чечсин жана за-

казчы катары чыксын.

8. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 19-июнундагы

ПЖ № 223 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ыла-

йык келтирсин.

10. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз

Республикасынын Тышкы иштер министрине жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
