# Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы № 206 , 2008-жылдын 10-июну."Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы майыптардын иши боюнча Кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 28-ноябрындагы Указына өзгөртүү киргизүү тууралу"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы № 206 , 2008-жылдын 10-июну."Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы майыптардын иши боюнча Кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 28-ноябрындагы Указына өзгөртүү киргизүү тууралу"
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 10.06.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.09.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4755>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2317/edition/627721/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4755.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.09.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы № 206 , 2008-жылдын 10-июну."Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы майыптардын иши боюнча Кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 28-ноябрындагы Указына өзгөртүү киргизүү тууралу" (25.09.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4755

---

КР Президентинин 2013-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ N 193 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2008-жылдын 10-июну ПЖ № 206

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

"Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы майыптардын иши боюнча Кењеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 28-ноябрындагы Указына өзгөртүү киргизүү тууралу

Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы майыптардын иши бо- юнча Кењештин ишин өркүндөтүү максатында, ошондой эле кадрдык өзгөрүү- лөргө байланыштуу токтом кылам:

1. "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы майыптардын иши

боюнча Кењеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 28-ноябрындагы № 363 Указына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган Указ менен бекитилген Кыргыз Республикасынын

Президентинин алдындагы майыптардын иши боюнча Кењештин курамы төмөнкү- дөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы майыптардын иши боюнча Кењештин КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Кењештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономика- лык жана социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министри; Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри; Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; Кыргыз Республикасынын финансы министри; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; Кыргызстандын кесиптик бирликтер Федерациясынын төрагасы (макулда- шуу боюнча); Кыргыз сокурлар жана дүлөйлөр коомунун борбордук башкармасынын президенти (макулдашуу боюнча); майып аялдардын республикалык көзкарандысыз ассоциациясынын прези- денти (макулдашуу боюнча); майып балдардын ата-энелеринин республикалык ассоциациясынын төра- гасы (макулдашуу боюнча); Майып балдарды даярдоо боюнча окуу борборунун директору (макулда- шуу боюнча).".

2. "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 28-ноябрында-

гы "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы майыптардын иши бо- юнча Кењеш жөнүндөгү" Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 1-августундагы № 250 Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
