Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинини н 2008-жылдын 22 феврал ы № 71 Указы «Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдарында жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарында жарандардын кайрылуусу менен иштөөнун абалын жакшыртуу жөнүндө».
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР О от 10 сентября 2011 года № 236 " О признании утратившими силу некоторых решений Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-09-10.
КР Президентинин 2011-жылдын 10-сентябрындагы ПЖ № 236 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 22-февралы ПЖ № 71
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик
органдарында жана жергиликтүү өзалдынча
башкаруу органдарында жарандардын
кайрылуусу менен иштөөнүн
абалын жакшыртуу
жөнүндө
"Жарандардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын кароонун
тартиби жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын сактоо жана аткаруу
эњ маанилүү социалдык маселелерди, мамлекеттик түзүлүштүн учурдагы жана
келечектеги маселелерин комплекстүү талдоого ар бир кайрылуудан конк-
реттүү адамдын күндөлүк таламдарын жана жашоо тиричилигинин көйгөйлөрүн
көрүүгө мүмкүнчүлүк берген мамлекеттик иштин негизги принциптеринин би-
ри болуп саналат.
Бирок соњку мезгилде республиканын бардык региондорунан калктын ар
кандай көйгөйлүү маселелери боюнча арыздардын жана даттануулардын агымы
кескин көбөйдү, алардын көбүнүн чечилиши жергиликтүү бийлик органдары-
нын түздөн-түз компетенциясына кирет жана Кыргыз Республикасынын Прези-
дентинин анын Администрациясынын жана республиканын Өкмөтүнүн тикелей
кийлигишүүсүн талап кылбайт.
Калктан келип түшкөн кайрылууларды талдоо көрсөтүп тургандай, ми-
нистрликтердин, мамлекеттик жана администрациялык ведомстволордун ишин-
де жарандардын арыздарын жана даттанууларын ар тараптан калыс жана өз
убагында текшерүү жөнүндө талаптардын бузулушу орун алып, ыксыз создук-
туруу, негиздүү өтүнүчтөргө жана сигналдарга кунт койбостон кайдыгер,
формалдуу-бюрократтык мамиле кылуу фактылары жоюлбай жатат. Ачык-айкын
даттануу боюнча атайын түзүлгөн комиссиялар кат жазган адамдар менен
жолугушпай, маселени үстүртөн жана бир беткей иликтеген учурлар жолу-
гат.
Каттын авторлору биринчи жолку кайрылууга жооп алынбагандыгы
жөнүндө, курулай жооп берүүлөр, арызда коюлган маселелерге толук жооп
берилбегендиги же мањызы боюнча жооп берилбегендиги жөнүндө, ошондой
эле жер-жерлердеги аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өзал-
дынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин кабылдамасына кирүү мүмкүн
эместиги жөнүндө көрсөтүшкөн.
Мына ушундай кемчиликтердин бардыгы жарандардын адилеттүү доомат-
тарын пайда кылып аларды өлкөнүн Президентине жана республиканын
Өкмөтүнө кайрадан кайрылууга аргасыз кылып жатат.
Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ве-
домстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү
өзалдынча башкаруу органдарынын жарандардын сунуштары, арыздары жана
даттануулары менен иштөөсүн өркүндөтүү максатында токтом кылам:
1. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык
ведомстволордун жетекчилеринин, жергиликтүү мамлекеттик администрация-
лардын башчыларынын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башчы-
ларынын аппараттарда жана ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдө жана
мекемелерде жарандардын кайрылуулары менен иштөөнү туура уюштуруу, "Жа-
рандардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын кароонун тартиби
жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын катуу сакталышы үчүн жеке-
че жоопкерчилиги белгиленсин.
2. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрация-
лык ведомстволордун жана башка аткаруу бийлик органдарынын, жергиликтүү
мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу ор-
гандарынын жетекчилери:
- жарандардын жазуу жана оозеки кайрылуулары менен иштөөнү өз иши-
нин артыкчылыктуу багыттарынын бири деп эсептесин;
- ведомстволук түзүмдүк бөлүмдөрдө жарандардын сунуштарын, арызда-
рын жана даттанууларын кароонун талаптагыдай тартибинин сакталышын ту-
руктуу текшерип, алардын жетекчилерин бул иштин абалы жөнүндө мез-
гил-мезгили менен отчет берип турууга милдеттендирип, күнөөлүүлөргө ка-
рата коомчулукка маалымдоо менен ээлеген кызмат ордунан бошотууга чейин
чара көрсүн;
- жарандарды жеке маселелер боюнча кабыл алууну туруктуу
жүргүзсүн, мурда кабыл алынган жана кабылдоонун жүрүшүндө кабыл алынган
тапшырмаларды жана чечимдерди аткарууга катуу контролдук кылсын;
- жарандардын келип түшкөн кайрылууларын, алардын мүнөзүн, каттар-
дын кыймылын жана географиясын, кайталанган жана жамааттык кайрылуулар-
ды маалыматтык-статистикалык талдоону өркүндөтүү боюнча ишти күчөтсүн;
- сынды кысымга алуу, каттардын жана кайрылуулардын авторлорун ку-
угунтуктоо, бюрократизм жана ыксыз создуктуруу фактыларын чечкиндүү
жойсун.
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү
өзалдынча башкаруу органдарынын жетекчилери:
- кыйла актуалдуу маселелер жер участкаларын жана турак-жай бөлүү,
ипотекалык кредит берүү, жењилдетилген кредиттерди жана ссудаларды
берүү, паспорт алуу, материалдык жардам бөлүү жана ж.б. боюнча калк
арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
- жерине баруу менен жарандар менен жекече жолугушууларды, "ачык
эшик күндөрүн" туруктуу өткөрсүн жер-жерлерде социалдык-тиричилик масе-
лелерин чечсин ошондой эле олуттуу маселелер боюнча жалпыга маалымдоо
каражаттарына чыксын;
- коллегияларда жарандардын жазуу жана оозеки кайрылуулары менен
иштөө жөнүндө квартал сайын отчетторун угуп, аларды кароонун
мөөнөттөрүнө өзгөчө көњүл бурсун;
- жарандардын кайталап кайрылууларынын материалдары, жамааттык
каттар, кызмат адамдарынын кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалан-
гандыгы жөнүндө маалыматтардан турган каттар боюнча кызматтык териш-
тирүү жүргүзүлсүн, алардын жыйынтыктары министрликтердин, мамлекеттик
комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, башка аткаруу бийлик
органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын коллегияла-
рында жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жыйналыштарында
угулсун. Бул маселелер боюнча милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын
Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратына маалымат берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасы-
нын Конституциясы жана жогоруда аталган Мыйзам менен ага берилген ыйга-
рым укуктарга ылайык министрликтердин мамлекеттик комитеттердин, адми-
нистрациялык ведомстволордун, башка аткаруу бийлик органдарынын, жерги-
ликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча баш-
каруу органдарынын даттанууларды жана арыздарды кароосуна прокурордук
көзөмөлдү күчөтүп, аны бузгандарды мыйзам боюнча катуу жоопкерчиликке
тартсын.
5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жарандардын арыз
берүү жана кароо маселелерин кошуп алганда укуктук пропаганда, калкты
укуктук тарбиялоо жана окутуу жагындагы ишти күчөтсүн жана жалпыга маа-
лымдоо каражаттары - телекөрсөтүү, радио жана басма сөз аркылуу ти-
йиштүү түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы өз колле-
гиясында жылына кеминде бир жолу министрликтердин, мамлекеттик комитет-
тердин, администрациялык ведомстволордун, башка аткаруу бийлик органда-
рынын жетекчилеринин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана
жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башчыларынын жарандардын
арыздары жана даттануулары менен иштөө жөнүндөгү маалыматын уксун. Жа-
рандардын арыздары жана даттануулары менен канааттандырарлык эмес иштөө
фактылары белгиленген учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттер-
дин, администрациялык ведомстволордун, башка аткаруу бийлик органдары-
нын жетекчилерине, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана
жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башчыларына ээлеген кызмат-
тарынан бошотууга чейинки Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган
таасир көрсөтүү чараларын колдонуу жөнүндө сунуш киргизсин.
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 17-январындагы
N 27 "Аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу
органдарынын жарандардын арыздары жана даттануулары менен иштөөсүн ан-
дан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндөгү" Жарлыгы күчүн жоготту деп
табылсын.
8. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.
9. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2022-жылдын 17-февралындагы № 7 "Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2022-жылга түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.02.2022 · № 7
- Ак-Татыр айылдык кеңшинин 2024-жылдын 31-январындагы №6 "Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2024-жылга түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 31.01.2024 · № 6
- КР Президентинин 2011-жылдын 10-сентябрындагы № 236 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгыУказ · 10.09.2011 · № 236
Шилтеме берет (4)
- Аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандардын арыздары жана даттануулары менен ишин мындан ары өркүндөтүү чаралары жөнүндөУказ · 17.01.2001 · № 27
- КР Президентинин 2011-жылдын 10-сентябрындагы № 236 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгыУказ · 10.09.2011 · № 236
- О порядке рассмотрения предложений, заявлений и жалоб гражданЗакон · 05.07.1995 · № 8-1 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон