Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Айылдык округдардын, поселкалардын жана райондук маанидеги шаарлардын башчыларын көрсөтүүнүн жана шайлоону өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Президентинин 10 июнь 2008ж. № 203 Жарлыгы менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2008-жылдын 10-июнундагы
№ 203 Жарлыгы менен
бекитилген
Айылдык округдардын, поселкалардын жана райондук
маанидеги шаарлардын башчыларын көрсөтүүнүн жана
шайлоону өткөрүүнүн тартиби жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, "Жергиликтүү
өзалдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын^202310 ченемдерин жүзөгө ашыруу максатында
иштелип чыккан жана айылдык округдардын, поселкалардын жана райондук
маанидеги шаарлардын башчыларын көрсөтүүнүн жана шайлоо өткөрүүнүн тар-
тибин аныктайт.
2. Айылдык округдардын, поселкалардын жана райондук маанидеги ша-
арлардын башчыларын шайлоо ушул Жободо белгиленген тартипте көрсөтүлгөн
талапкерлердин ичинен жашыруун добуш берүү жолу менен тийиштүү жерги-
ликтүү кењештин депутаттары тарабынан жүргүзүлөт.
II. Айылдык округдардын, поселкалардын, райондук
маанидеги шаарлардын башчысынын кызмат ордуна
талапкерлерге коюлган талаптар
3. Айылдык округдардын, поселкалардын, же райондук маанидеги шаар-
лардын башчысынын кызмат ордуна жогорку билимдүү жана мамлекеттик же
муниципалдык кызматта кеминде эки жылдык иш стажысы бар Кыргыз Респуб-
ликасынын аракетке жөндөмдүү жараны талапкер боло алат.
Жасаган кылмышы үчүн соттуулугу бар, ал мыйзамда белгиленген тар-
типте тындырылбаган же алып ташталбаган Кыргыз Республикасынын жараны
айылдык округдун, поселкалардын, же райондук маанидеги шаарлардын баш-
чылыгына шайланышы мүмкүн эмес.
III. Айылдык округдардын, поселкалардын жана райондук
маанидеги шаарлардын башчысынын кызмат ордуна
талапкерлерди макулдашуунун тартиби
4. Райондук мамлекеттик администрациянын башчысы - акими айылдык
округдардын, поселкалардын жана райондук маанидеги шаарлардын башчысы-
нын кызмат ордуна көрсөтүлгөн талапкерлерди облустук мамлекеттик адми-
нистрациянын башчысы - губернатор жана Кыргыз Республикасынын Жерги-
ликтүү өзалдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттик менен макулда-
шат.
5. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери
боюнча Улуттук агенттик аким сунуш кылган талапкердин документтерин
мыйзамдын талаптарына ылайык келишин иликтейт жана өз чечими жөнүндө
акимге жазуу жүзүндө маалымат берет, макул болбогон учурда жүйөөлүү
жооп кайтарат.
6. Облустук мамлекеттик администрациянын башчысы - губернатор же
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери боюнча
Улуттук агенттик көрсөтүлгөн талапкер менен макул болбогон учурда аким
жањы талапкерди көрсөтөт.
IV. Шайлоону уюштуруунун тартиби
7. Айылдык округдардын, поселкалардын жана райондук маанидеги
шаарлардын башчыларын шайлоону Кыргыз Республикасынын Президенти дайын-
дайт жана ал Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгында каралган
мөөнөттө жүргүзүлөт.
8. Айылдык округдардын, поселкалардын жана райондук маанидеги ша-
арлардын башчылары альтернативдик негизде райондук мамлекеттик адми-
нистрациянын башчысы - аким көрсөткөн талапкерлердин ичинен 4 жылдык
мөөнөткө жашыруун добуш берүү жолу менен тийиштүү жергиликтүү кењештин
депутаттары тарабынан шайланат.
9. Айылдык округдардын, поселкалардын жана райондук маанидеги
шаарлардын башчыларын шайлоо айылдык округдардын, поселкалардын жана
райондук маанидеги шаарлардын башчылары мөөнөтүнөн мурда бошотулган
учурда "Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик ад-
министрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартип-
те жүргүзүлөт.
10. Жергиликтүү өзалдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын
аппаратына шайлоону уюштуруунун бардык жол-жоболук маселелери, ошондой
эле добуш берүү үчүн кабиналарды, шайлоо бюллетендерин, добуш берүү
үчүн жайды, урналарды даярдоо жана шайлоону өткөрүү менен байланышкан
башка маселелер жүктөлөт.
V. Шайлоону өткөрүү тартиби
11. Айылдык округдардын, поселкалардын жана райондук маанидеги ша-
арлардын башчыларын шайлоо күнү тийиштүү кењештин төрагасы депутаттар-
дын кворуму болгон учурда сессияны ачат. Ал күн тартиби боюнча сунуш
киргизет.
Күн тартиби бекитилгенден кийин кењештин төрагасы башчынын кызмат
ордуна көрсөтүлгөн талапкерлер боюнча акимге же анын өкүлүнө сөз берет.
Тийиштүү кењештин депутаттары талапкерлердин кыскача программаларын
угууга укуктуу.
Андан кийин кењештин төрагасы добуш берүү өткөрүү үчүн эсептөө ко-
миссиясынын сандык курамы жөнүндө сунуш киргизет. Сандык курам макулда-
шылгандан кийин депутаттар эсептөө комиссиясынын мүчөсүнө кошуу үчүн
депутаттардын ичинен талапкерлер боюнча сунуш киргизет. Андан кийин до-
буш берүү жолу менен эсептөө комиссиясынын курамы бекитилет.
12. Түзүлгөн эсептөө комиссиясы өзүнүн биринчи уюштуруу жыйналышын
өткөрөт, анда эсептөө комиссиясынын төрагасы шайланат. Уюштуруу жыйна-
лышы протокол (N 1) менен таризделет жана сессиянын бекитүүсүнө кирги-
зилет. Эгерде сессияга катышып жаткан депутаттардын көпчүлүгү ачык до-
буш берүү жолу менен аны жактап добуш берсе, протокол бекитилди деп
эсептелет.
13. Эсептөө комиссиясынын экинчи жыйналышында добуш берүү үчүн
бюллетендердин формасы бекитилет, ал да протокол (N 2) менен таризделет
жана сессиянын бекитүүсүнө киргизилет.
14. Айылдык округдардын, поселкалардын жана райондук маанидеги ша-
арлардын башчыларынын кызмат ордуна талапкерлер бюллетенге киргизилет,
алар жашыруун добуш берүү үчүн депутаттарга кол койдуруп таркатылат.
15. Добуш берүү өткөрүлгөндөн кийин эсептөө комиссиясы добуш
берүүнүн жыйынтыгын чыгарат. Добуштар жалањ гана эсептөө комиссиясынын
мүчөлөрү тарабынан ачык жана маалымдуу эсептелет, ал добуш берүү үчүн
жайда тынымсыз жүргүзүлөт.
Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү пайдаланылбай калган бюллетендерди
кайра эсептейт, аларды жокко чыгарат жана бул туурасында добуш берүүнүн
жыйынтыгынын протоколуна (N 3) жазат.
Жараксыз бюллетендер эсептелет жана өзүнчө топтолот жана бул туу-
расында добуш берүүнүн жыйынтыгынын протоколуна (N 3) жазылат. Добуш
берүүчүнүн эрк билдирүүсүн аныктоо мүмкүн болбогон, жергиликтүү өзал-
дынча башкаруунун тийиштүү органынын мөөрү жок же бюллетень бекитилген
формага ылайык келбесе, жараксыз болуп саналат.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы протокол (N 3) менен таризделет, анда
толтурулган бюллетендердин жалпы саны, анын ичинде таратылгандары,
ошондой эле добуш берүүдөн кийин урнаны ачканда чыккан бюллетендер
көрсөтүлөт. Ошол эле протоколго тигил же бул талапкер үчүн берилген
"макул" жана "каршы" добуштардын саны көрсөтүлөт.
Добуштарды эсептөөнүн натыйжасы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы
аныкталат, ал протоколго (N 3) жазылат, ал жергиликтүү кењештин сессия-
сынын бекитүүсүнө киргизилет.
16. Бардык түзүлгөн жана бекитилген протоколдор эсептөө комиссия-
сынын төрагасы тарабынан тийиштүү жергиликтүү кењештин төрагасына өткө-
рүп берилет. Жергиликтүү кењештин төрагасы шайлоонун жыйынтыгын жарыя-
лайт жана жењип чыккан талапкердин фамилиясын атайт.
17. Айылдык округдардын, поселкалардын жана райондук маанидеги ша-
арлардын башчыларын шайлоо, эгерде ага тийиштүү жергиликтүү кењештин
депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышса, болду деп
эсептелет.
18. Тийиштүү кењештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн
добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет.
19. Жергиликтүү кењештин сессиясынын шайлоо жөнүндөгү протоколунун
жана чечиминин көчүрмөсү, ошондой эле башка документтердин көчүрмөлөрү
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери боюнча
Улуттук агенттиктин дарегине кийин белгиленген үлгүдөгү кызматтык күбө-
лүктөрдү толтуруу менен маалыматтар базасын түзүү үчүн жиберилет.
20. Шайланган айылдык округдардын, поселкалардын жана райондук ма-
анидеги шаарлардын башчыларына облустук мамлекеттик администрациянын
башчысы - губернатор салтанаттуу кырдаалда кызматтык күбөлүктөрдү тап-
шырат.
21. Айылдык округдардын, поселкалардын жана райондук маанидеги ша-
арлардын башчылары шайланбай калган учурда райондук мамлекеттик адми-
нистрациянын башчысы - аким тийиштүү жергиликтүү кењеште белгиленген
тартипте макулдашуудан өткөн ошол эле же башка талапкерди кайталап
көрсөтүүгө укуктуу.
22. Айылдык округдардын, поселкалардын жана райондук маанидеги ша-
арлардын башчылары райондук кењештин депутаттары тарабынан кайрадан
шайланбай калган учурда райондук мамлекеттик администрациянын башчысы -
аким облустук мамлекеттик администрациянын башчысы - губернатор менен
макулдашуу боюнча аталган жергиликтүү кењеште мөөнөтүнөн мурда шайлоо
дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине өтүнүч кылат.
23. Айылдык округдардын, поселкалардын жана райондук маанидеги ша-
арлардын башчылары жергиликтүү кењештин депутаттарынын ичинен шайланган
учурда ал жергиликтүү кењештин депутатынын ыйгарым укуктарын үч күндүк
мөөнөттө токтотууга милдеттүү.
24. Айылдык округдардын, поселкалардын жана райондук маанидеги ша-
арлардын башчылары ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулганда
шайлоо өткөргөнгө чейин башчынын милдетин анын орунбасары аткарат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөЗакон · 29.05.2008 · № 99 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын 2008-жылындагы 10-июндагы №203 "Айылдык округдардын, поселкалардын жана райондук маанидеги шаарлардын башчыларын көрсөтүүнүн жана шайлоону өткөрүүнүн…Указ · 10.06.2008 · № 203 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- А. Суеркулова кеңешинин 2016-жылдын 15-августундагы №35 "Торкен айылынын Бос-Тектир участкасындагы бир көчөнү Торкен айылынын тургуну, активист,Торкен айылынын өнүгүшүнө салымын…Постановление · 15.08.2016 · № 35
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон