# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 4-июнундагы №191 " Азык-түлүккө баанын кескин жогорулаган шартында калктын аялуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүүнүн кошумча чаралары жөнүндө"жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 4-июнундагы №191 " Азык-түлүккө баанын кескин жогорулаган шартында калктын аялуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүүнүн кошумча чаралары жөнүндө"жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 191
- Кабыл алынган күнү: 04.06.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.06.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4747>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2311/edition/627746/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4747.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.06.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 4-июнундагы №191 " Азык-түлүккө баанын кескин жогорулаган шартында калктын аялуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүүнүн кошумча чаралары жөнүндө"жарлыгы (04.06.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4747

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 4-июну ПЖ № 191

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Азык-түлүккө баанын кескин жогорулаган

шартында калктын аялуу катмарына социалдык

колдоо көрсөтүүнүн кошумча чаралары жөнүндө

Калктын социалдык аялуу катмарына максаттуу жана иштиктүү мамле-

кеттик колдоо көрсөтүүнү күчөтүү максатында токтом кылам:

1. Азык-түлүккө баанын кескин жогорулаган шартында финансылык ка-

ражаттарды топтоо жана аларды калктын социалдык аялуу катмарынын баку-

баттуулук дењгээлине колдоо көрсөтүүгө жумшоо үчүн дайындалган атайын

эсепти ачуу максатка ылайык деп эсептелсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- калктын аялуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүүгө атайын эсеп

ачсын;

- аны түзүүнүн булактарын жана ар жылдагы толтуруу көлөмүн аныкта-

сын;

- уюштуруу, финансылык, материалдык-техникалык жана эсепти ачуу

менен байланышкан башка маселелерди белгиленген тартипте чечсин;

- өз ченемдик укуктук актыларын ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
