# КР Президентинин 2008-жылдын 10-июну №200 "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2008-жылдын 10-июну №200 "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 200
- Кабыл алынган күнү: 10.06.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.12.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4744>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2309/edition/627732/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4744.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2008-жылдын 10-июну №200 "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы жөнүндө" жарлыгы (30.12.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4744

---

КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ N 237 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2008-жылдын 10-июну ПЖ № 200

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 9-июнундагы № 112 Мыйзамына ылайык токтом кылам:

1. (КР Президентинин 2009-жылдын 11-январындагы ПЖ №1 Жарлыгына

ылайык күчүн жоготту)

2. (КР Президентинин 2009-жылдын 11-январындагы ПЖ №1 Жарлыгына

ылайык күчүн жоготту) ыштардын экономикалык түрлөрүн табууга, алдын алууга, жоюу- га, бетин ачууга жана тергөөгө багытталган.

3. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин

бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы № 385 Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын

саясый жана атайын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестри" деген № 1 тиркеменин "Саясый мамлекеттик кызмат орундары" бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлиги" бөлүмүнүн "Кыргыз Республикасынын Өк- мөтүнө караштуу администрациялык ведомстволор" деген бөлүмчөсүндө: III топто "Финансы полициясынын директору" деген сап алып салын- сын; IV топто "Финансы полициясынын директорунун орунбасары" деген сап алып салынсын;

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген " Кыргыз Республикасы-

нын администрациялык мамлекеттик кызмат орундарынын Реестри" деген №2 тиркеменин 15-главасында: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясы" деген бөлүмдүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы"; "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү караштуу Финансы полициясынын ай- мактык бөлүмдөрү" деген бөлүмдүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндал- сын: "Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын аймактык бө- лүмдөрү".

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын мамлекеттик

кызматчыларынын ишин жана эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизсин;

- Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматын түзүү менен

байланышкан бардык уюштуруу, финансылык жана башка маселелерди чечсин;

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социал- дык саясат бөлүмүнө жана коргоо жана коопсуздук иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
