# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 10-июнундагы №202 "Пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө"жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 10-июнундагы №202 "Пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө"жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 202
- Кабыл алынган күнү: 10.06.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.06.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4743>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2308/edition/627728/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4743.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.06.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 10-июнундагы №202 "Пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө"жарлыгы (10.06.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4743

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 10-июну ПЖ № 202

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн

өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө

Республиканын пенсионерлеринин турмуш дењгээлин колдоо максатында

токтом кылам:

1. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган пенсиялардын камсызданды-

руу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрү 2008-жылдын 1-июлунан тартып 10 пайызга жо-

горулатылсын.

2. "Электр кубатына тарифтердин жогорулагандыгына байланыштуу пен-

сионерлерге компенсациялык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Президентинин 2008-жылдын 5-июнундагы № 193 Жарлыгына ылайык белгилен-

ген компенсациялык төлөмдөрдүн өлчөмдөрү ушул Жарлыктан келип чыккан

пенсиялардын өлчөмдөрүн кайра эсептөөлөргө байланыштуу өзгөрбөйт.

3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду белгиленген тартипте

пенсияларды өз учурунда жањы өлчөмдөрдө кайра эсептеп чыгууну жана тө-

лөөнү камсыз кылсын.

4. Бул Жарлык 2008-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
