# 2008-жылдын 30-майы ПЖ № 188 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин" Жарлыгы

- Толук аталышы: 2008-жылдын 30-майы ПЖ № 188 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 188
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4741>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2306/edition/1179570/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4741.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 2008-жылдын 30-майы ПЖ № 188 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин" Жарлыгы (08.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4741

---

КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 228 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2008-жылдын 30-майы ПЖ № 188 Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Президентинин 2010-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237, 2022-жылдын 18-июлундагы ПЖ № 244 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин этап-этабы менен ишке ашыруу жана "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү, ошондой эле жергиликтүү сотторду тийиштүү материалдык-техникалык, финансылык камсыз кылуу боюнча жоболорду тактоо, аларды бири-бирине мамлекеттик жана расмий тилдерде шайкеш келтирүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. (КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

2. (КР Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы ПЖ № 244 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы ПЖ № 244 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 21-апрелиндеги № 143 "Кыргыз Республикасынын Сот департаменти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын окуу Борбору жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 10-пункттун бешинчи абзацындагы "экинчи, үчүнчү абзацтар" деген сөздөр "экинчи абзац" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 11-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Жарлыктын аталышы жана бүткүл текст боюнча "мамлекеттик кызматчылар" деген сөздөрдөн мурда ар кандай жөндөмөлөрдө "Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу Борбору, Сот департаменти жана" деген сөздөр менен толукталсын";

- жогоруда аталган Жарлыктын текстинин 12-пункту мамлекеттик тилде төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"12. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 31-июлундагы "Кыргыз Республикасынын Сот департаменти жөнүндө" Жарлыгына толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 17-февралындагы № 33 Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.".

5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
