# КР Президентинин 1994-жылдын 23-декабрындагы ПУ № 347 "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү фондун финансылык камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 1994-жылдын 23-декабрындагы ПУ № 347 "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү фондун финансылык камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 347
- Кабыл алынган күнү: 23.12.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.06.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/47402>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-3660/edition/447732/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/47402.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 1994-жылдын 23-декабрындагы ПУ № 347 "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү фондун финансылык камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгы (07.06.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/47402

---

КР Президентинин 2013-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 1994-жылдын 23-декабры ПУ № 347 Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү фондун финансылык камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү Фондунун финансылык базасын чыңдоо жана калкты иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик саясатын натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушу кабыл алынсын жана иштеген граждандардын Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү Фондуна милдеттүү түрдөгү камсыздандыруу взностору 1993-жылдын 1-январынан тартып эмгек акынын 0,3 процент өлчөмүндө белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кийин Киргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү үчүн "Калкты иш менен камсыз кылуу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" мыйзамдын долбоорун 1995-жылдын 1-февралына чейин даярдасын.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Акаев
