# Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-майы ПЖ № 171 "Кыргызкино" улуттук концерни жөнүндө " токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-майы ПЖ № 171 "Кыргызкино" улуттук концерни жөнүндө " токтому
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 171
- Кабыл алынган күнү: 23.05.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4738>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2304/edition/627754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4738.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-майы ПЖ № 171 "Кыргызкино" улуттук концерни жөнүндө " токтому (08.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4738

---

КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 228 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 23-майы ПЖ № 171

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

"Кыргызкино" улуттук концерни жөнүндө

Мамлекеттик башкаруу органдарынын түзүмүн өркүндөтүү, алардын

ишиндеги бири-бирин кайталоону жана удаалаштыкты жоюу боюнча админист-

рациялык реформаны андан ары турмушка ашыруу, ошондой эле аларды күтүү-

гө бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында токтом кы-

лам:

1. Кинематографиянын функцияларын жана мамлекеттик уюмдарын Кыргыз

Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине өткөрүп берүү ме-

нен "Кыргызкино" улуттук концерни жоюлсун.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин ал-

дында же анын курамында кинематография тармагына кураторлук кылган тие-

шелүү түзүмдү түзүү мүмкүнчүлүгүн карасын;

- кинематографиянын мамлекеттик уюмдарынын жетекчилерин дайындоо

Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министринин чечими менен

жүзөгө ашырыла тургандыгын карасын;

- "Кыргызкино" улуттук концернин жоюунун эсебинен Кыргыз Республи-

касынын Маданият жана маалымат министрлигинин штаттык санын көбөйтсүн;

- ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу, финансылык жана башка ма-

селелерди чечсин;

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик киновидеокомпаниясын кайра

түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 7-фев-

ралындагы № 56 Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социал-

дык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Президент К.Бакиев
