# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 23-майындагы №172 "Кыргыз республикасынын Президентинин 2007-жылдын 1-августундагы Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 23-майындагы №172 "Кыргыз республикасынын Президентинин 2007-жылдын 1-августундагы Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 172
- Кабыл алынган күнү: 23.05.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.05.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4737>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2303/edition/627752/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4737.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.05.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 23-майындагы №172 "Кыргыз республикасынын Президентинин 2007-жылдын 1-августундагы Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" жарлыгы (23.05.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4737

---

Бишкек шаары, Өкмөт Њйү

2008-жылдын 23-майы ПЖ № 172

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 1-августундагы

"Жергиликтүү жана жыйымдарды, жергиликтүү бюджеттерге толугу

менен келип түшүүчү жалпы мамлекеттик салыктарды башкаруу

Функцияларын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына өткөрүп

берүү боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө" Жарлыгына

өзгөртүү киргизүү тууралуу

Жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды, жергиликтүү бюджеттерге

толугу менен келип түшүүчү жалпы мамлекеттик салыктарды башкаруу

функцияларын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына өткөрүп

берүүнүн натыйжалуулугуна реалдуу баа берүү, ошндой эле бардык

жерде финансылык децентралдаштыруу принциптерин андан ары киргизүү

максатында токтом кылам:

1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 1-августундагы

№361 "Жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды, жергиликтүү бюджеттерге

толугу менен келип түшүүчү жалпы мамлекеттик салыктарды башкаруу

функцияларын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү

боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй

өзгөртүү киргизилсин:

- 1-жана 5-пункттардагы "2007-жылдын 1-августунан 31-декабрына

чейин " деген сөздөр "2007-жылдын 1-августунан 2008-жылдын 31-

декабрына чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул Жарлык кол коюлган көндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
