Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз республикасынын Президентинин 2007-жылдын 1-августундагы Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу» жарлыгы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Бишкек шаары, Өкмөт Њйү
2008-жылдын 23-майы ПЖ № 172
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 1-августундагы
"Жергиликтүү жана жыйымдарды, жергиликтүү бюджеттерге толугу
менен келип түшүүчү жалпы мамлекеттик салыктарды башкаруу
Функцияларын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына өткөрүп
берүү боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө" Жарлыгына
өзгөртүү киргизүү тууралуу
Жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды, жергиликтүү бюджеттерге
толугу менен келип түшүүчү жалпы мамлекеттик салыктарды башкаруу
функцияларын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына өткөрүп
берүүнүн натыйжалуулугуна реалдуу баа берүү, ошндой эле бардык
жерде финансылык децентралдаштыруу принциптерин андан ары киргизүү
максатында токтом кылам:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 1-августундагы
№361 "Жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды, жергиликтүү бюджеттерге
толугу менен келип түшүүчү жалпы мамлекеттик салыктарды башкаруу
функцияларын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү
боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй
өзгөртүү киргизилсин:
- 1-жана 5-пункттардагы "2007-жылдын 1-августунан 31-декабрына
чейин " деген сөздөр "2007-жылдын 1-августунан 2008-жылдын 31-
декабрына чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул Жарлык кол коюлган көндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.