# Өкмөт Үйүнүн 2008-жылдын 7-майынын ПЖ № 157 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелери менен уюмдарына "улуттук" деген статус берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 10-апрелиндеги Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы

- Толук аталышы: Өкмөт Үйүнүн 2008-жылдын 7-майынын ПЖ № 157 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелери менен уюмдарына "улуттук" деген статус берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 10-апрелиндеги Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 157
- Кабыл алынган күнү: 07.05.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.05.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4735>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2301/edition/627762/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4735.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.05.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өкмөт Үйүнүн 2008-жылдын 7-майынын ПЖ № 157 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелери менен уюмдарына "улуттук" деген статус берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 10-апрелиндеги Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы (07.05.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4735

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 7-майы ПЖ № 157

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик

мекемелери менен уюмдарына "улуттук"

деген статус берүүнүн тартиби жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Президентинин

2002-жылдын 10-апрелиндеги Жарлыгына

өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелери менен уюмдарына

"улуттук" деген статус берүүнүн тартибин өркүндөтүү максатында токтом

кылам:

1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелери менен уюмдарына

"улуттук" деген статус берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Президентинин 2002-жылдын 10-апрелиндеги № 84 Жарлыгына төмөнкүдөй өз-

гөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын

мамлекеттик мекемелери менен уюмдарына "улуттук" деген статус берүүнүн

тартиби жөнүндө Жобонун:

4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелери менен уюмдарына

"улуттук" деген статус берүү жөнүндө өтүнүч Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратына алдын ала кароого министрликтер, мамлекеттик коми-

теттер, администрациялык ведомстволор тарабынан киргизилет. Комиссиянын

кароосуна киргизилүүчү ар бир өтүнүчкө маселенин мањызын баяндоо менен,

негиздемеси жана тийиштүү финансылык эсептери менен маалымкат тиркелиши

керек. Документтер мамлекеттик жана расмий тилде берилет.

Комиссиянын иши Комиссиянын жооптуу катчысынын жетекчилиги астында

анын жумушчу органы - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын со-

циалдык өнүктүрүү бөлүмү тарабынан камсыз кылынат.

Кызмат орду боюнча Комиссиянын жооптуу катчысы болуп Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчы-

сы эсептелет.";

жобо төмөнкү мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:

"5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты Кыргыз Республикасы-

нын мамлекеттик мекемелери менен уюмдарына "улуттук" деген статус берүү

жөнүндө өтүнүчтөрдү жана башка документтерди карайт, Кыргыз Республика-

сынын мыйзамына ылайык алар боюнча корутунду чыгарат жана документтерди

Комиссиянын биротоло кароосуна жөнөтөт.";

- 5-6-пункттар тиешелүү түрдө 6-7-пункттар болуп эсептелсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка

ылайык келтирсин.

3. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелери менен уюмдарына

"улуттук" деген статус берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Президентинин 2002-жылдын 10-апрелиндеги Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана

толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин

2007-жылдын 8-июнундагы № 298 Жарлыгынын 1-пунктунун үчүнчү жана алтын-

чы абзацтары күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социал-

дык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
