# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 14-майындагы № 164 " Кыргыз Республикасында долбоорлоо жана курулуш маселелеринде уруксат берүү жол-жоболорун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө"жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 14-майындагы № 164 " Кыргыз Республикасында долбоорлоо жана курулуш маселелеринде уруксат берүү жол-жоболорун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө"жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 164
- Кабыл алынган күнү: 14.05.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4733>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2299/edition/1162914/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4733.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 14-майындагы № 164 " Кыргыз Республикасында долбоорлоо жана курулуш маселелеринде уруксат берүү жол-жоболорун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө"жарлыгы (31.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4733

---

КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына ылайык күчүн жоготту

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2008-жылдын 14-майы № 164

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасында долбоорлоо жана курулуш маселелеринде уруксат берүү жол-жоболорун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө

2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүүнүн Стратегиясын жүзөгө ашыруу, курулушта уруксат берүү системасы боюнча Кыргыз Республикасынын рейтин- гин жогорулатуу, ошондой эле курулуш комплексинде инвестициялык кыр- даалды жакшыртуу үчүн мыйзамдарды өркүндөтүү максатында токтом кылам:

1. 2008-жылга курулуш жагында мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу

багыты деп "бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү, администрациялык жол-жоболорду жана анын мөөнөттөрүн кыскартуу, ошондой эле макулдук жа- на инвестициялык-курулуш ниеттерин жүзөгө ашыруу үчүн талап кылынган уруксат берүүчү документтерди алуу наркын төмөндөтүү аркылуу уруксат берүү системасын оптималдаштыруу эсептелсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- 2008-жылдын 1-июнуна чейин уруксат кылуу документтерин даярдоо

жана берүү процессине катышкан ыйгарым укуктуу органдардын жана кызмат- тардын өзара аракеттенишинин натыйжалуу системасын камсыз кылуу менен долбоорлоого жана курулушка уруксат кылуу документтерин берүү боюнча "бирдиктүү терезе" принцибин киргизсин;

- курулуш жагында уруксат кылуу документтерин алуу үчүн админист-

рациялык жол-жоболорду, мөөнөттөрдү жана анын наркын кайра кароо жана өркүндөтүү боюнча ишти улантсын, анын ичинде: көрсөтүлгөн кызматтар жана документтерди берүү үчүн тарифтерди жа- на бааларды кайра кароону жана бекитүүнү камсыз кылсын; жањыча жолдорду жана эларалык тажрыйбаларды колдонуу менен архи- тектуралык-курулуш көзөмөлүн жүргүзүү жол-жобосун өркүндөтсүн; инженердик тармактарга кошуунун жана андай кызмат көрсөтүү үчүн наркты аныктоонун, ошондой эле курулуш маселесине байланышкан кызмат көрсөтүү үчүн табигый жана уруксат кылынган монополия субъекттеринин жоопкерчилигин жогорулатуунун бирдиктүү тартибин иштеп чыксын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик органдардын, жерги-

ликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жана бизнес-жамааттарынын өкүл- дөрүнөн турган курулуш маселеси боюнча мамлекеттик бийлик органдары ме- нен бизнестин өкүлдөрүнүн ортосундагы диалогду камсыз кылган, ошондой эле курулуштагы реформалоону координациялоочу жана мониторинг жүргүзүү- чү жумушчу орган катары Консультациялык курулуш кењешин түзсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө курулуш жагын-

да уруксат кылуу системасын реформалоону жүргүзүүнүн андан аркы кадам- дары боюнча иш-чаралардын Планын иштеп чыксын жана бекитсин.

5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социал- дык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
