# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 22-апрелиндеги №146 "Кыргыз Республикасында исламдык финансылык кызмат көрсөтүү индустриясын киргизүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө"жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 22-апрелиндеги №146 "Кыргыз Республикасында исламдык финансылык кызмат көрсөтүү индустриясын киргизүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө"жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 22.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4732>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2298/edition/1162909/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4732.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 22-апрелиндеги №146 "Кыргыз Республикасында исламдык финансылык кызмат көрсөтүү индустриясын киргизүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө"жарлыгы (31.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4732

---

КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына ылайык күчүн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2008-жылдын 22-апрели ПЖ № 146 Кыргыз Республикасында исламдык финансылык кызмат көрсөтүү индустриясын киргизүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө

(КР Президентинин 2009-жылдын 15-январындагы ПЖ № 33 Жарлыгынын редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын, Ислам өнүктүрүү банкынын жана "Экобанк" ачык акционердик коомунун ортосундагы Кыргыз Республикасында банк ишинин жана финансылоонун исламдык принциптерин киргизүүгө тиешелүү өзара түшүнүшүү жөнүндөгү 2006-жылдын 16-майындагы Меморандумду (мындан ары - Меморандум) андан ары жүзөгө ашыруу жана Кыргыз Республикасынын борборунда исламдык финансылык кызмат көрсөтүү индустриясынын борборазиялык борборун түзүү жана торолтуу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Улуттук банкы бир айлык мөөнөттө 2008-2010-жылдарга Кыргыз Республикасынын борборунда исламдык финансылык кызмат көрсөтүү индустриясынын борборазиялык борборун түзүү жана торолтуу боюнча иш-чаралардын Планын (мындан ары - иш-чаралардын Планы) белгиленген тартипте иштеп чыксын жана бекитсин, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:

- исламдык баалуу кагаздар (сукук), исламдык камсыздандыруу (такафул) жана халал-стандарттар катары Меморандумду жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө белгиленген жана актуалдаштырылган кызмат көрсөтүүнүн исламдык индустриясынын жаңы багыттарын киргизүү үчүн ченемдик-укуктук базаны түзүү;

- аталган багыттар боюнча адистердин кадрдык дараметин жогорулатуу;

- аталган багыттарды киргизүү процессин маалыматтык жактан камсыз кылуу;

- ошол багытта кабыл алынган ченемдик-укуктук актыларды иш жүзүнө ашырууну камсыз кылуу.

2. Жоопкерчиликтүү аткаруучулардын ишин координациялоо жана иш-чаралардын Планында каралган милдеттерди натыйжалуу жүзөгө ашырууга көз салуу маселелери Меморандумду жүзөгө ашыруу боюнча Жетектөөчү комитетке жүктөлсүн.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнүн башчысына жүктөлсүн.

(КР Президентинин 2009-жылдын 15-январындагы ПЖ № 33 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
