# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 18-апрелиндеги №137 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 7-декабрындагы "Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Комиссия тууралу"жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 18-апрелиндеги №137 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 7-декабрындагы "Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Комиссия тууралу"жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 137
- Кабыл алынган күнү: 18.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.02.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4731>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2297/edition/627786/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4731.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.02.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 18-апрелиндеги №137 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 7-декабрындагы "Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Комиссия тууралу"жарлыгы (11.02.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4731

---

Кыргыз Республикасынын Президентинин

2010-жылдын 11-февралындагы ПЖ № 46 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 18-апрели ПЖ № 137

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасынын Президентинин

2001-жылдын 7-декабрындагы "Кыргызстандын

көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө

калтыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын

Президентине караштуу Комиссия тууралу"

Указына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин

2007-жылдын 25-майындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү

жана толуктоолорду киргизүү тууралу

Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу

жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Комиссиянын ишин

жана иштерди кароо жолжоболорун өркүндөтүү максатында токтом кылам:

1. "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 7-декабрында-

гы "Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу

жүнөндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Комиссия тууралу"

Указына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Президентинин 2007-жылдын 25-майындагы № 268 Жарлыгына

төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Кыргызстандын

көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу жөнүндө Кыргыз

Республикасынын Президентине караштуу Комиссиянын курамы" деген № 1

тиркемеде

төмөнкү саптагы:

"Дикамбаев Азамат - Кыргыз Республикасынын Президентинин Адми-

Шамильевич нистрациясынын экономикалык жана социалдык

саясат бөлүмүнүн башчысы, Комиссиянын жооптуу

катчысы"

"Комиссиянын жооптуу катчысы" деген сөздөр алып салынсын;

жогоруда аталган саптан кийин төмөнкү мазмундагы жањы сап менен

толукталсын:

Эсенкулов Нурмамат - Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратынын

Жокенович билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн

башчысы, Комиссиянын жооптуу катчысы;

төмөнкү саптагы:

"Ташпаева Назгүл - Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратынын

Аскеровна социалдык өнүктүрүү жана маалымат башкармасы-

нын начальниги"

"социалдык өнүктүрүү жана маалымат башкармасынын начальниги" деген

сөздөр "социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы" деген сөздөр менен ал-

маштырылсын.

Комиссиянын курамынан А.И.Ногоев, К.Ж.Нарбаев чыгарылсын жана Ко-

миссиянын курамына Бишкек шаарынын мэри Үсөнов Данияр Токтогулович,

Бишкек Башкы архитектура башкармасынын начальниги Турсунбаев Онушбек

Атакозуевич киргизилсин.

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Кыргызстандын

көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу жөнүндө Кыргыз

Республикасынын Президентине караштуу Комиссия жөнүндө Жобо" деген № 2

тиркемеде

10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"10. Комиссиянын ишин камсыз кылуу анын жумушчу органы - Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт

бөлүмү тарабынан Комиссиянын жооптуу катчысынын жетекчилиги астында

жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият

жана спорт бөлүмүнүн башчысы кызмат орду боюнча Комиссиянын жооптуу

катчысы болуп эсептелет.";

14-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калты-

руу жөнүндө өтүнүчтөр жана башка документтер райондордун, шаарлардын,

облустардын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары менен макулдашыл-

гандан кийин жана облустук мамлекеттик администрациялардын жана Бишкек,

Ош шаарларынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынан сөзсүз беки-

тилгенден кийин Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратынын кароосуна

киргизилет.

Талаптагыдай макулдашылбаган жана бекитилбеген учурларда Кыргызс-

тандын көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу боюнча ма-

териалдар арыз берүүчүлөргө кайтарылат.

Өтүнүчкө сунуш кылынып жаткан инсандын өмүр баяны жана иши жөнүндө

ырасталган маалыматтар; архив материалдары (нотариалдык жактан

күбөлөндүрүлгөн), ошондой эле ар кандай жолдор аркылуу аныкталган коом-

дук пикирди сурап-билүү (изилдөө, сурап-билүү жана ушул сыяктуу), геог-

рафиялык аталыштар боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын корутундусу,

ошондой эле зарыл долбоордук (эскиз стадиясында) документациялар тирке-

лет.";

Жобо төмөнкү мазмундагы 15-пункт менен толукталсын:

"15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты Кыргызстандын

көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу жөнүндө

өтүнүчтөрдү жана башка документтерди карайт, Кыргыз Республикасынын

мыйзамына ылайык аларга корутунду чыгарат жана документтерди Комиссия-

нын биротоло карап чыгууга жөнөтөт.";

- 15-22-пункттар тиешелүү түрдө 16-23-пункттар деп эсептелсин;

- 19-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- көрүнүктүү ишмерлердин эстелигин түбөлүккө калтыруу алар

дүйнөдөн кайткандан кийин ишке ашырылат;".

2. Кыргыз Республикасынын өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ыла-

йык келтирсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социал-

дык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
