# КР Президентинин 1994-жылдын 6-сентябрындагы ПУ №232 "Калктын кирешелерине декларация толтурууга өтүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 1994-жылдын 6-сентябрындагы ПУ №232 "Калктын кирешелерине декларация толтурууга өтүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 232
- Кабыл алынган күнү: 06.09.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.06.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/47294>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-3564/edition/447697/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/47294.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 1994-жылдын 6-сентябрындагы ПУ №232 "Калктын кирешелерине декларация толтурууга өтүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгы (07.06.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/47294

---

КР Президентинин 2013-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 1994-жылдын 6-сентябры ПУ № 232 Калктын кирешелерине декларация толтурууга өтүү боюнча чаралар жөнүндө Граждандардын кирешелерин эсепке алуу системасын тартипке келтирүү жана салык салуу механизмин өркүндөтүү максатында, ошондой эле аз камсыз болгон граждандарга даректүү социалдык жардам көрсөтүү үчүн ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. 1995-жылдын 1январынан баштап төмөнкүлөр белгиленсин:

Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жана Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чектеринен тышкары жердеги иш-аракеттеринен киреше алышкан Кыргыз Республикасынын граждандары, чет өлкөлүк граждандар жана граждамдуулугу жок адамдар (анын ичинде юридикалык жакты түзбөгөн жекече ээлик кылуучу ишкерлер) салык органдарына акчалай же натура түрүмдө алышкан (кыймылдуу жама кыймылсыз мүлктөн алынган) кирешелери жөнүндө жылыма кеминде бир жолу декларация толтурууга милдеттүү; Кыргыз Республикасында туруктуу жашабаган адамдар салык органдарына Кыргыз Республикасынын аймагында акчалай же натура түрүндө алышкан кирешелери (кыймылдуу жама кыймылсыз мүлктөн алынган кирешелерди кошкондо) жөнүндө жылына кеминде бир жолу декларация толтурууга милдеттүү; мамлекеттик кызматка кирген граждандар, ушул кызматтагы адамдардай эле, кирешелерине (мүлк абалы жөнүндөгү маалыматтарды кошкондо) декларация толтурууга милдеттүү;

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

а) 1994-жылдын 1-ноябрына чейин:

Калктын кирешелерине декларация толтуруу жөнүндөгү жобону иштеп чыксын жана бекитсин: калктын кирешелерине декларация толтурууга өтүүнүн методикалык жана уюштуруу техникалык жактан камсыз кылынышына багытталган бардык иш-чараларды жүргүзсүн;

б) 1994-жылдын 1-декабрына чейин кийин Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ушул Указдан келип чыккан өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун даярдасын;

в) жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу калктын кирешелерине декларация толтурууга байланышкан маселелерди түшүндүрүү боюнча чараларды көрсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Акаев
