Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПУ №232 «Калктын кирешелерине декларация толтурууга өтүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 7 июня 2013 года УП № 139 "О признании утратившими силу некоторых решений Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-06-07.
КР Президентинин 2013-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 1994-жылдын 6-сентябры ПУ № 232 Калктын кирешелерине декларация толтурууга өтүү боюнча чаралар жөнүндө Граждандардын кирешелерин эсепке алуу системасын тартипке келтирүү жана салык салуу механизмин өркүндөтүү максатында, ошондой эле аз камсыз болгон граждандарга даректүү социалдык жардам көрсөтүү үчүн ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 1995-жылдын 1январынан баштап төмөнкүлөр белгиленсин:
Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жана Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чектеринен тышкары жердеги иш-аракеттеринен киреше алышкан Кыргыз Республикасынын граждандары, чет өлкөлүк граждандар жана граждамдуулугу жок адамдар (анын ичинде юридикалык жакты түзбөгөн жекече ээлик кылуучу ишкерлер) салык органдарына акчалай же натура түрүмдө алышкан (кыймылдуу жама кыймылсыз мүлктөн алынган) кирешелери жөнүндө жылыма кеминде бир жолу декларация толтурууга милдеттүү; Кыргыз Республикасында туруктуу жашабаган адамдар салык органдарына Кыргыз Республикасынын аймагында акчалай же натура түрүндө алышкан кирешелери (кыймылдуу жама кыймылсыз мүлктөн алынган кирешелерди кошкондо) жөнүндө жылына кеминде бир жолу декларация толтурууга милдеттүү; мамлекеттик кызматка кирген граждандар, ушул кызматтагы адамдардай эле, кирешелерине (мүлк абалы жөнүндөгү маалыматтарды кошкондо) декларация толтурууга милдеттүү;
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
а) 1994-жылдын 1-ноябрына чейин:
Калктын кирешелерине декларация толтуруу жөнүндөгү жобону иштеп чыксын жана бекитсин: калктын кирешелерине декларация толтурууга өтүүнүн методикалык жана уюштуруу техникалык жактан камсыз кылынышына багытталган бардык иш-чараларды жүргүзсүн;
б) 1994-жылдын 1-декабрына чейин кийин Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ушул Указдан келип чыккан өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун даярдасын;
в) жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу калктын кирешелерине декларация толтурууга байланышкан маселелерди түшүндүрүү боюнча чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Акаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- КР Президентинин 2013-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 139 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" жарлыгыУказ · 07.06.2013 · № 139
- Постановление Правительства КР от 8 февраля 1995 года №31 "Об организационных мерах по переходу на декларирование доходов населения"Постановление · 08.02.1995 · № 31 · Күчүн жоготкон
- ПРОГРАММА по социальной защите населения Кыргызской Республики на 1995-1996 годы (Утверждена постановлением Правительства Кыргызской Республики от 29 мая 1995 года №199)Программа · 29.05.1995 · № 199 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 16 ноября 1995 года N 488 "О введении государственной налоговой регистрации в Кыргызской Республике"Постановление · 16.11.1995 · № 488 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 16 января 1995 года УП №21 "О мерах по совершенствованию налогообложения доходов физических лиц"Указ · 16.01.1995 · № 21 · Күчүн жоготкон