# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 14-апрелиндеги №132 "Кыргыз Республикасында магистралдык темиржолдорду куруунун уюштуруу маселелери жөнүндө"жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 14-апрелиндеги №132 "Кыргыз Республикасында магистралдык темиржолдорду куруунун уюштуруу маселелери жөнүндө"жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 132
- Кабыл алынган күнү: 14.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4728>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2294/edition/1184189/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4728.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 14-апрелиндеги №132 "Кыргыз Республикасында магистралдык темиржолдорду куруунун уюштуруу маселелери жөнүндө"жарлыгы (15.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4728

---

КР Президентинин

2022-жылдын 15-августундагы ПЖ N 283 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 14-апрели ПЖ № 132

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасында магистралдык темиржолдорду

куруунун уюштуруу маселелери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын темиржол тармагын эларалык транспорт кори-

доруна интеграциялоону камсыз кылуу, жањы магистралдык темиржол линия-

ларын долбоорлоо жана куруу боюнча уюштуруу жана финансылык маселелерин

чечүүнү тездетүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын айма-

гында жањы темиржол линияларын куруу үчүн четөлкөлүк инвестицияларды

тартуунун маанилүүлүгүн жана зарылчылыгын таануу менен токтом кылам:

1. Функцияларын Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникаци-

ялар министрлигине өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө

караштуу Кыргыз Республикасында магистралдык темиржолдорду долбоорлоо

жана куруу боюнча Мамлекеттик дирекция жоюлсун.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө:

- "Кыргызтемиржолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасына бир

эле учурда курулуш региондорунда социалдык инфраструтураны түзүү,

тейлөө, өнүктүрүү жана эксплуатациялоо менен бирге Кыргыз Республика-

сында магистралдык темиржолдорду долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо

боюнча функцияларды жүктөсүн;

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрли-

ги жөнүндөгү Жобого жана "Кыргызтемиржолу" Улуттук компаниясы" мамле-

кеттик ишканасынын Уставына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;

- ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу, финансылык жана башка ма-

селелерди чечсин:

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. "Кыргызтемиржолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы Кыр-

гыз Республикасында магистралдык темиржолдорду долбоорлоо жана курулу-

шун финансылоо үчүн инвесторлорду тартуу боюнча чараларды көрсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 13-январындагы

№ 3 "Кыргыз Республикасында магистралдык темиржолдорду куруунун уюшту-

руу маселелери жөнүндөгү" Указы күчүн жоготту деп табылсын.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
