# 2006-жылдын 26-майындагы № 288 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: 2006-жылдын 26-майындагы № 288 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 288
- Кабыл алынган күнү: 26.05.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.12.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4726>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2292/edition/525750/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4726.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.12.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 2006-жылдын 26-майындагы № 288 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы (14.12.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4726

---

КР Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы ПЖ № 573 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫГЫ 2006-жылдын 26-майы ПЖ № 288 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 19-июнундагы ПЖ № 223 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасын реформалоону андан ары улантуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазаларды аткаруу Башкы башкармасы менен түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгон жана камакка алынган адамдарды конвоирлөө боюнча Департаментинин финансылык-чарбалык, оперативдүү жана башка иштерине контролдук кылуу механизмин түзүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тийиштүү эмгек акы фонду менен 18 кишиден турган штаттык бирдикти Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазаларды аткаруу Башкы башкармасынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин борбордук аппаратына өткөрүп берсин.

2. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 19-июнундагы ПЖ № 223 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин борбордук аппаратына өткөрүп берилүүчү жазаларды аткаруу Башкы башкармасынын кызматкерлеринин штатына Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын кызматкерлери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык жеңилдиктер жана артыкчылыктар сакталып калсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
