# Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 10-октябрындагы ПЖ № 443 "Кыргыз Республикасында референдум (бүткүл элдик добуш берүү) өткөрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 19-сентябрындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 10-октябрындагы ПЖ № 443 "Кыргыз Республикасында референдум (бүткүл элдик добуш берүү) өткөрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 19-сентябрындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 443
- Кабыл алынган күнү: 10.10.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4716>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2286/edition/288700/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4716.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 10-октябрындагы ПЖ № 443 "Кыргыз Республикасында референдум (бүткүл элдик добуш берүү) өткөрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 19-сентябрындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (24.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4716

---

КР Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 62 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН

ЖАРЛЫГЫ

2007-жылдын 10-октябры ПЖ № 443

"Кыргыз Республикасында референдум (бүткүл элдик

добуш берүү) өткөрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Президентинин 2007-жылдын 19-сентябрындагы

Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттар тобунун, өлкөнүн жарандарынын референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) коюлган документтердин долбоорлорунда саясый партиялардын ролун күчөтүү жана чагылдыруу боюнча сунуштар бар кайрылууларын эске алып, ошондой эле саясый партиялардын ишин колдоо жана документтердин аталган долбоорлорунун айрым жоболорун тактоо максатында токтом кылам:

## I бөлүм

. "Кыргыз Республикасында референдум (бүткүл элдик добуш берүү) өткөрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 19-сентябрындагы № 410 Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталган Жарлыкка тиркелген "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жањы редакциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун I бөлүмүндө:

83-берененин 2-пунктунун экинчи абзацында биринчи сүйлөм алып салынсын;

- аталган Жарлыкка тиркелген "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жањы редакциясы тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 4 бөлүмүндө:

77-берененин 2-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"2. Талапкерлеринин тизмеси:

- бүтүндөй алганда республика боюнча шайлоочулардын тизмелерине киргизилген шайлоочулардын добуштарынын 5 пайыздан азын;

- ар бир облус, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча, шайлоочулардын тизмелерине киргизилген шайлоочулардын добуштарынын 0,5 пайыздан азын алган саясый партиялар бирдиктүү шайлоо округу боюнча депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүдөн чыгарылат.".

## II бөлүм

. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы белгиленген тартипте жана аткаруу бийлик, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары менен тыгыз өзара аракетте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жогоруда көрсөтүлгөн долбоорлорунун жоболорун шайлоочуларга жеткирүү максатында алардын такталган тексттери менен референдум комиссияларын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.

## III бөлүм. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз

Республикасынын Президенти К.Бакиев
