# Указ Президента КР от 18 февраля 2008 года № 79 "О внесении изменений в некоторые решения Президента Кыргызской Республики"

- Актынын түрү: Указ
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 18.02.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.02.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4715>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2285/edition/627817/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4715.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.02.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Указ Президента КР от 18 февраля 2008 года № 79 "О внесении изменений в некоторые решения Президента Кыргызской Республики" (18.02.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4715

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 18-февралы ПЖ N 79

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым

чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Маалыматтык-коммуни-

кациялык технологиялар боюнча кењештин ишин оптималдаштырууну камсыз

кылуу максатында токтом кылам:

1. "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Маалыматтык-ком-

муникациялык технологиялар боюнча кењеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Президентинин 2006-жылдын 1-февралындагы N 38 Жарлыгына төмөнкүдөй

өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын

Президентине караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча

кењештин (мындан ары - Кењеш) курамынан А.Т.Алыбаев чыгарылсын;

- Кењештин курамына Кыргыз Республикасынын Президентинин Админист-

рациясынын Жетекчисинин орунбасары Бекбоев Замир Исакович Кењештин

төрагасынын биринчи орунбасары болуп киргизилсин.

2. "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Маалыматтык-ком-

муникациялык технологиялар боюнча кењеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Президентинин Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасы-

нын Президентинин 2007-жылдын 24-декабрындагы N 562 жарлыгына

төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пункттагы ""бир айлык мөөнөттө" деген сөздөр "үч айлык

мөөнөттө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ыла-

йык келтирсин.

4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социал-

дык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
