# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 14-февралындагы №70 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишин оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 14-февралындагы №70 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишин оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 14.02.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.02.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4710>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2282/edition/627819/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4710.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.02.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 14-февралындагы №70 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишин оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгы (14.02.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4710

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 14-февралы № 70

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасынын Президентинин

Администрациясынын ишин оптималдаштыруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жобо-

ну тактоо жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык

келтирүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администра-

циясынын ишин андан ары оптималдаштыруу максатында токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө

жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишин

оптималдаштыруунун жыйынтыгы боюнча анын жетекчи курамы жана кызматкер-

лери Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчи

курамы жана кызматкерлери болуп саналаары жана ээлеген кызмат орундары-

на кайрадан бекитилүүгө тийиш эмес экендиги белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетек-

чиси бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Админист-

рациясынын кызмат адамдары жана түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболор бо-

юнча сунуш киргизсин.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүн-

дө"Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 1-июнундагы № 179

Жарлыгы;

- "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Колле-

гиясынын маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин

2005-жылдын 1-ноябрындагы № 509 Жарлыгы.

5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
