Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кеңештин «Бишкек шаарынын “Маданият” конушунда канализациялык насос станциясын куруу үчүн жер участокту Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө» токтому
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШ ТОКТОМ 2020-жылдын 19-февралы № 152 Бишкек шаарынын “Маданият” конушунда канализациялык насос станциясын куруу үчүн жер участокту Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2019-жылдын 19-декабрындагы № 04-1/52-18597 корутундусун эске алып, Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын “Маданият” конушунда жайгашкан “Кыргыз Республикасынын Коргонуу иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Бишкек квартиралык-эксплуатациялык бөлүгү” мекемесинин мөөнөтсүз пайдалануусунда турган жалпы аянты 82 чарчы метр болгон жер участокту канализациялык насос станциясын куруу үчүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга Кыргыз Республикасынын белгиленген мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте макулдук берилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте, ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокту кабыл алуу боюнча чара көрсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын шаар куруу жана архитектура маселелери боюнча вице-мэрине жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы
Ж.Б. Абиров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37