# Абды Суеркулов айылдык кеңешинин 2020-жылдын 30-июну № 116 "Абды Суеркулов айыл аймагынын айылдык кеңешинин катчысынын штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Абды Суеркулов айылдык кеңешинин 2020-жылдын 30-июну № 116 "Абды Суеркулов айыл аймагынын айылдык кеңешинин катчысынын штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 116
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.06.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/470674>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-68333/edition/1086306/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Абды Суеркулов айылдык кеңешинин 2020-жылдын 30-июну № 116 "Абды Суеркулов айыл аймагынын айылдык кеңешинин катчысынын штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө" токтому (30.06.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/470674

---

АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Абды Суеркулов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы 2020-жылдын 30-июну № 116 Абды Суеркулов айыл аймагынын айылдык кеңешинин катчысынын штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Абды Суеркулов айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августундагы №115 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Абды Суеркулов айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы кызмат ордунун штаттык бирдиги (1штаттык бирдик) бекитилсин.

2. Бекитилген штаттык бирдик тууралуу Токтогул райондук финансы бөлүмүнө билдирүү жагы ФЭБ башчысынын милдетин убактылуу аткаруучусу Анарбек кызы Гүлзадага милдеттендирилсин.

3. Бул токтом www.Torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Жуматаевге жүктөлсүн.

Төрага

У.Бучуков
