# Майлуу-Суу кенешинин 2020-жылдын 3-июлу № 10-8-10 "Муниципалдык мүлктүн ижарасы үчүн тѳлѳмдѳрдүн мѳѳнѳтүн жылдыруу боюнча" токтому

- Толук аталышы: Майлуу-Суу кенешинин 2020-жылдын 3-июлу № 10-8-10 "Муниципалдык мүлктүн ижарасы үчүн тѳлѳмдѳрдүн мѳѳнѳтүн жылдыруу боюнча" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 10-8-10
- Кабыл алынган күнү: 03.07.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.07.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/470607>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-68266/edition/1078406/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.07.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Майлуу-Суу кенешинин 2020-жылдын 3-июлу № 10-8-10 "Муниципалдык мүлктүн ижарасы үчүн тѳлѳмдѳрдүн мѳѳнѳтүн жылдыруу боюнча" токтому (03.07.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/470607

---

МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2020-жылдын 3-июлу № 10-8-10 Муниципалдык мүлктүн ижарасы үчүн тѳлѳмдѳрдүн мѳѳнѳтүн жылдыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер министри М.Д.Абылгазиевдин 2020-жылдын 30-мартындагы №186 буйругунун жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн 2020-жылдын 7-апрелиндеги №101-б буйругунун негизинде, COVID 19 илдетинин жыйылышынан улам пайда болгон кырдаалга байланыштуу,экономикалык жана социалдык туруктуулукка келтирилген терс таасирди азайтуу максатында, Майлуу-Суу шаардык мэриянын 2020-жылдын 13-апрелиндеги №71-б буйругунун негизинде Майлуу-Суу шаардык Кеңештин VIII чакырылышынын Х кезектеги сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Премьер министри М.Д.Абылгазиевдин 2020-жылдын 30-мартындагы №186 буйругунун жана Кыргыз

Республикасынын Ѳкмѳтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн 2020-жылдын 7-апрелиндеги №101-б буйругунун негизинде, COVID 19 илдетинин жыйылышынан улам пайда болгон кырдаалга байланыштуу,экономикалык жана социалдык туруктуулукка келтирилген терс таасирди азайтуу максатында, Майлуу-Суу шаардык мэрия тарабынан кабыл алынган 2020-жылдын 13-апрелиндеги №71-б буйругу эске алынсын.

Майлуу-Суу шаардык мэриясынын 2020-жылдын 13-апрелиндеги №71-б буйрунун 3-пунктуна ылайык Муниципалдык мүлктүн

ижарасы үчүн тѳлѳмдѳрдүн мѳѳнѳтүн 2020-жылдын 1-апрелинен тартып 3 (үч) ай кийинкиге жылдырылсын.

Бул токтомдун аткарылышы муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысына (А.И.Айтиевге) жүктѳлсүн. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн

Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардын мэрине (Н.А.Маматовко) жүктөлсүн.

Шаардык кеӊешинин төрагасы:

Б.К.Барбиев
