# Сакалды айылдык кеӊешинин 2020-жылдын 28-август № 4 "Жарандардын арыздарын кароо жѳнүндѳ" токтому

- Толук аталышы: Сакалды айылдык кеӊешинин 2020-жылдын 28-август № 4 "Жарандардын арыздарын кароо жѳнүндѳ" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 28.08.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/470527>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-68186/edition/1078566/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сакалды айылдык кеӊешинин 2020-жылдын 28-август № 4 "Жарандардын арыздарын кароо жѳнүндѳ" токтому (28.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/470527

---

САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы

2020-жылдын 28-август № 4 Жарандардын арыздарын кароо жѳнүндѳ Жаран Мусаева Жыпаркандын 2020-жылдын 27-августундагы М-167 кириш сандуу арызын угуп жана талкуулап чыгып, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жѳнүндѳ” КРдин 2007-жылдын 4-майындагы № 67 Мыйзамынын 13-беренесинин 1п 2б ылайык Сакалды айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн Сакалды айылынын жашоочусу Мусаева Жыпаркандын 2020-жылдын 27-августундагы М-167 кириш сандуу арызы айылдык кеңештин депутаттарынын колдоосун тапкан жок деп белгиленсин. Бул арыз ээси Ж.Мусаевага ѳрттѳнүп кеткен сарайды калыбына келтирүү максатында 2018-жылы айыл ѳкмѳттүн эсебинен 8000 (сегиз миң) сом акчалай жардам ажыратылганын эске алып канааттандыруусуз калтырылсын.

2. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Сакалды айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

Айылдык кеңештин төрагасы

Д.Бекназаров
