# Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2020-жылдын 22-марты № 3 “Айылдык кеңештин жооптуу катчысына 1 штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2020-жылдын 22-марты № 3 “Айылдык кеңештин жооптуу катчысына 1 штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 26.03.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.03.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/470444>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-68103/edition/1086202/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.03.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2020-жылдын 22-марты № 3 “Айылдык кеңештин жооптуу катчысына 1 штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө” токтому (26.03.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/470444

---

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХIХ сессиясы

2020-жылдын 22-марты № 3 “Айылдык кеңештин жооптуу катчысына 1 штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө” “КРнын Өкмөтүнүн 04.03.2020-жылдагы №124 “КРнын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” жана КРнын Өкмөтүнүн 05.02.2020-жылдагы № 64 “Айылдык кеңештерде акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомдорунун негизинде айылдык кеңештин жооптуу катчысына 1 штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө айылдык кеңештин финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл кеңеши: ТОКТОМ КЫЛАТ:

Айылдык кеңештин жооптуу катчысынын 1 штаттык кызмат орду бекитилсин. Айылдык кеңештин жооптуу катчысынын бир айлык эмгек акысы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын бир айлык эмгек акысынын өлчөмүндө эсептөө жагы ФЭБ башчысы Э.Алымкуловго милдеттендирилсин. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана бюджет комитетинин төрагасы Д.Шадыкановго милдеттендирилсин.

Төрага

С.Барпиев
