Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кенешинин «Момбеков айылдык кеңешке жооптуу катчы штатын бекитип берүү жѳнүндѳ» токтому
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2020-жылдын 22-апрели № 5 Момбеков айылдык кеңешке жооптуу катчы штатын бекитип берүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2020-жылдын 16-мартындагы № 157-токтому менен Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2016-жылдагы 29-декабрындагы № 706 “Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелер жѳнүндѳ” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында конкурс ѳткѳрүүнүн тартиби Жобого жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы “Айылдык кеңештерге акы тѳлѳѳ негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жѳнүндѳ” № 64-токтомуна ылайык Момбеков айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын кезексиз 34-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин тѳрагасы
Т Стамбаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Момбеков айылдык кеңешинин иштерин алып баруу үчүн жооптуу катчы штаты бекитилип берилсин.
3. Жооптуу катчынын эмгек акысын чечип берүү жагы айыл ѳкмѳтүнүн
Ф.Э.Бнүн башчысы Ч Тѳлѳновага жүктѳлсүн.
4. Кабыл алынган токтом Аймак гезитине жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышынын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жана ФЭБүнүн башчысы Ч.Тѳлѳновага жүктѳлсүн.
Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин төрагасы
Т.Стамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 "Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө" ТОКТОМУПостановление · 29.12.2016 · № 706 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 16-мартындагы № 157 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү…Постановление · 16.03.2020 · № 157 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.