# 2008-жылдын 12-январындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын Президентинин резиденциясын жайгаштыруу, долбоорлоо жана куруу ишчаралары жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: 2008-жылдын 12-январындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын Президентинин резиденциясын жайгаштыруу, долбоорлоо жана куруу ишчаралары жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 25
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4703>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2276/edition/1184185/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4703.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 2008-жылдын 12-январындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын Президентинин резиденциясын жайгаштыруу, долбоорлоо жана куруу ишчаралары жөнүндө" Жарлыгы (15.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4703

---

КР Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ N 283 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2008-жылдын 12-январы ПЖ № 25

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасынын Президентинин резиденциясын жайгаштыруу, долбоорлоо жана куруу ишчаралары жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин, Премьер-министринин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн, алардын ишин камсыз кылу- учу органдардын ишин социалдык-тиричилик жактан камсыз кылуу боюнча ма- териалдык-техникалык базаны жакшыртуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32- жана 34-статьяларына ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президен-

тинин резиденциясын жайгаштыруу, долбоорлоо жана куруу үчүн Ысыккөл об- лусунун Ысыккөл районунун Ысыккөл токой фондунун жеринен аянты 30 гек- тар жер участогун Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын № 2 Мамлекеттик резиденциясына мөөнөтсүз пайдаланууга берүү маселесин белгиленген тартипте карап чыксын жана чечсин, мында төмөнкүлөрдү кара- сын:

- экологиялык экспертизанын тийиштүү түрлөрүн өткөрүү;

- зарыл болгон учурда жерди бир категориядан башка категорияга ко-

торуу;

- долбоорлук-сметалык документтерди иштеп чыгууга зарыл болгон фи-

нансы каражаттарын бөлүп берүү жана Кыргыз Республикасынын Президенти- нин жањы резиденциясын этап-этабы менен куруу;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына төмөнкү

учурларда жардам берүү: бөлүнүп берилген жер участогуна, Кыргыз Республикасынын Президен- тинин резиденциясынын обьекттерин долбоорлоого жана курууга тийиштүү уруксаттарды жана укук белгилөөчү документтерди алууда; Кыргыз Республикасынын Президентинин жањы резиденциясынын обьект- терин долбоорлоого жана курууга бир булактан сатып алуулар ыкмасын. ку- рулуш иштерин жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну кошкондо, түрдү-ү ыкмалар менен тендерлерди өткөрүүдө; Кыргыз Республикасынын Президентинин жањы резиденциясынын обьект- терин, ушул обьекттер үчүн тышкы энергетикалык тармактарды кошкондо, даярдоону, долбоорлоону жана курууну камсыз кылууда;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына аткаруу

бийлик органдары жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тараптан Кыргыз Республикасынын Президентинин резиденциясынын обьекттерин даяр- доодо, долбоорлоодо жана курууда ар түрдүү көмөк көрсөтүү.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтү менен макулдашкандан кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин резиденциясын куруу үчүн гранттык каражаттарды, инвести- цияларды жана жарымжартылай бюджеттик каражаттарды тартуу жана пайдала- нуу боюнча зарыл иштерди жүргүзсүн.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
