Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Кыргыз Республикасынын Президентинин резиденциясын жайгаштыруу, долбоорлоо жана куруу ишчаралары жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента Кыргызской Республики от 15 августа 2022 года УП № 283 "О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-08-15.
КР Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ N 283 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2008-жылдын 12-январы ПЖ № 25
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын Президентинин резиденциясын жайгаштыруу, долбоорлоо жана куруу ишчаралары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин, Премьер-министринин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн, алардын ишин камсыз кылу- учу органдардын ишин социалдык-тиричилик жактан камсыз кылуу боюнча ма- териалдык-техникалык базаны жакшыртуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32- жана 34-статьяларына ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президен-
тинин резиденциясын жайгаштыруу, долбоорлоо жана куруу үчүн Ысыккөл об- лусунун Ысыккөл районунун Ысыккөл токой фондунун жеринен аянты 30 гек- тар жер участогун Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын № 2 Мамлекеттик резиденциясына мөөнөтсүз пайдаланууга берүү маселесин белгиленген тартипте карап чыксын жана чечсин, мында төмөнкүлөрдү кара- сын:
- экологиялык экспертизанын тийиштүү түрлөрүн өткөрүү;
- зарыл болгон учурда жерди бир категориядан башка категорияга ко-
торуу;
- долбоорлук-сметалык документтерди иштеп чыгууга зарыл болгон фи-
нансы каражаттарын бөлүп берүү жана Кыргыз Республикасынын Президенти- нин жањы резиденциясын этап-этабы менен куруу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына төмөнкү
учурларда жардам берүү: бөлүнүп берилген жер участогуна, Кыргыз Республикасынын Президен- тинин резиденциясынын обьекттерин долбоорлоого жана курууга тийиштүү уруксаттарды жана укук белгилөөчү документтерди алууда; Кыргыз Республикасынын Президентинин жањы резиденциясынын обьект- терин долбоорлоого жана курууга бир булактан сатып алуулар ыкмасын. ку- рулуш иштерин жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну кошкондо, түрдү-ү ыкмалар менен тендерлерди өткөрүүдө; Кыргыз Республикасынын Президентинин жањы резиденциясынын обьект- терин, ушул обьекттер үчүн тышкы энергетикалык тармактарды кошкондо, даярдоону, долбоорлоону жана курууну камсыз кылууда;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына аткаруу
бийлик органдары жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тараптан Кыргыз Республикасынын Президентинин резиденциясынын обьекттерин даяр- доодо, долбоорлоодо жана курууда ар түрдүү көмөк көрсөтүү.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтү менен макулдашкандан кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин резиденциясын куруу үчүн гранттык каражаттарды, инвести- цияларды жана жарымжартылай бюджеттик каражаттарды тартуу жана пайдала- нуу боюнча зарыл иштерди жүргүзсүн.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ № 283 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 15.08.2022 · № 283
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон