# Жаны-Жер айылдык кенешинин 2020-жылдын 16-январы № 5 "Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө коомдук алдын алуу борборун түзүү жана Уставын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Жаны-Жер айылдык кенешинин 2020-жылдын 16-январы № 5 "Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө коомдук алдын алуу борборун түзүү жана Уставын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5
- Кабыл алынган күнү: 16.01.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.01.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/470212>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-67872/edition/1085778/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.01.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жаны-Жер айылдык кенешинин 2020-жылдын 16-январы № 5 "Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө коомдук алдын алуу борборун түзүү жана Уставын бекитүү жөнүндө" токтому (16.01.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/470212

---

ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Жаны-Жер айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги I сессиясынын

2020-жылдын 16-январы № 5 Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө коомдук алдын алуу борборун түзүү жана Уставын бекитүү жөнүндө “Коомдук алдын алуу борборунун типтүү уставын бекитүү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 25-июнундагы № 82 Укук бузуулардын алдын алуу мыйзамына ылайык , 2015-жылдын 27-октябрындагы № 747 токтомунун негизинде айылдык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн алдында коомдук алдын алуу борбору түзулсун.

2. Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн алдында коомдук алдын алуу борборунун уставы жана “Коомдук алдын алуу борборунун” кеңешинин курамы бекитилсин. (№1,2 тиркеме)

3. Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн алдында коомдук алдын алуу борборунун мыйзамдуу иш-кагаздарын бүтүрүү жана көзөмөлдөө жагы коомдук алдын алуу борборунун төрагасына жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлү айылдык кеңешинин жаштар саясаты, коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсун.

Төрага

К. Айбалаев
