Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Гүлчө айылык Кенешинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берген Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Курманжан датка айылындагы жугуштуу оорулар үчүн салынган имарат учурдагы Ысманов атындагы орто мектебин короновирус оорусу күндөн күнгө жайылып жаткандыктан кайрадан жугуштуу оорулар үчүн ооруканага өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Гүлчө айылык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз 46 сессиясы
2020-жылдын 27-июлу № 46/2 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 11-ноябрындагы №531 токтому менен айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берген Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Курманжан датка айылындагы жугуштуу оорулар үчүн салынган имарат учурдагы Ысманов атындагы орто мектебин короновирус оорусу күндөн күнгө жайылып жаткандыктан кайрадан жугуштуу оорулар үчүн ооруканага өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагында короновирус оорусунун алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Курманжан датка айылындагы жугуштуу оорулар үчүн салынган имарат учурдагы Ысманов атындагы орто мектебин короновирус оорусу күндөн күнгө жайылып жаткандыктан кайрадан жугуштуу оорулар үчүн Алай аймактык ооруканага өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Курманжан датка айылындагы А.Ысманов атындагы орто мектеби менен А.Мадалиев атындагы негизги мектебин бириктирип орто мектеп ачуу, Ысманов атындагы орто мектебинин мугалимдерин жана окуучуларын жайгаштыруу жагы райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин мыйзамдуулук жана этика комиссиясына жүктөлсүн.
Гүлчө айыл округун айылдык кеңешинин төрагасы
Жээнбеков Д
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон