Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
(Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларын квалификациялык сынактан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2005-жылдын 24-октябрындагы № 485
Жарлыгы менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
кызматчыларын квалификациялык сынактан
өткөрүүнүн тартиби жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо "Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана мамлекеттик органдарда Кыргыз Рес-
публикасынын мамлекеттик кызматынын администрациялык мамлекеттик кызмат
орундарын ээлеген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын
квалификациялык сынак тапшыруу тартибин, ошондой эле мамлекеттик кыз-
матчылардын билимине, жөндөмүнө (кесиптик дењгээлине) баа берүү тарти-
бин аныктайт.
2. Ушул Жобонун күчү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын
администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарына (мын-
дан ары - мамлекеттик кызматчылар) "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин
2005-жылдын 21-апрелиндеги N 130 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндөгү" Жарлыгы менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын администрациялык мамлекеттик кызмат орундарынын
Реестрине (мындан ары - Реестр) ылайык жайылтылат, буга аскердик наам-
дар, атайын класстык чендер жана атайын наамдар "Аскердик наамдарды,
класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды бел-
гилөө жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген мам-
лекеттик кызматчылар кирбейт.
3. Квалификациялык сынак деп мамлекеттик кызматчынын администраци-
ялык мамлекеттик кызмат ордун ээлешине ылайык класстык чен берүү же
башка администрациялык мамлекеттик кызмат ордуна кийин которбостон ке-
зектеги класстык чен берүү максатында мамлекеттик кызматчылардын кесип-
тик даярдык дењгээлине жана квалификациясына мамлекеттик баа берүүнү
түшүнөбүз.
4. Квалификациялык сынак өткөрүүнүн максаты ошол администрациялык
мамлекеттик кызмат ордунун чегинде белгилүү кызматтык функцияларды ат-
каруу үчүн зарыл болгон мамлекеттик кызматчынын жеке билимин жана таж-
рыйбалык жөндөмүн (кесиптик дењгээлин) текшерүү болуп саналат.
5. Квалификациялык сынак Кыргыз Республикасынын Президенти бекит-
кен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларына класстык чен
берүүнүн тартиби жөнүндөгү Жободо каралган учурларда жүргүзүлөт.
II. Квалификациялык сынакты өткөрүүнү уюштуруу
жана анын жол-жоболору
6. Квалификациялык сынак мамлекеттик органдын статс-катчысынын жа-
зуу жүзүндөгү арыз бериши аркылуу билдирилген мамлекеттик кызматчынын
демилгеси боюнча жүргүзүлөт.
7. Мамлекеттик кызматчынын ага класстык чен берүү үчүн квалифика-
циялык сынакка катышуу жөнүндөгү арызы кийин тийиштүү чечим кабыл алуу
менен ал берилгенден кийин бир айдын ичинде мамлекеттик органдын
статс-катчысы тарабынан каралат.
8. Квалификациялык сынак аттестациялык-конкурстук комиссиянын
(мындан ары - комиссия) жыйналышын өткөрүү үчүн белгиленген тартипте
аттестациялык-конкурстук комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
9. Квалификациялык сынак өткөрүү жөнүндө статс-катчынын чечиминде:
а) квалификациялык сынак өткөрүүнүн датасы жана убактысы;
б) квалификациялык сынак тапшыра турган мамлекеттик кызматчылардын
тизмеси көрсөтүлөт.
10. Квалификациялык сынакка катышуу үчүн мамлекеттик кызматчы кыз-
маткерлерди башкаруу кызматына төмөнкү документтерди тапшырат:
- ушул Жобонун 1-тиркемесинин формасы боюнча жеке арыз;
- кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча;
- квалификациялык сынакка катышууга өзү баш ийген мамлекеттик ор-
гандын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинин рекомендациясы;
- билими жөнүндө, квалификациясын жогорулаткандыгы жөнүндө, илимий
наам жана илимий даража берүү жөнүндө дипломдун, сертификаттардын
көчүрмөсүн кошуп алганда кесиптик билимин жана квалификациясын ыраста-
ган документтердин көчүрмөлөрү;
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларын аттестациялоонун
тартиби жөнүндөгү Жобонун 1-тиркемесинин формасы боюнча аттестация
өтүүнүн натыйжасы боюнча мамлекеттик кызматчынын ишине баа берүү блан-
кы.
11. Алдыда турган квалификациялык сынакты тапшыруу жөнүндө чечим
аны өткөргөнгө чейин он күндөн кечиктирбестен мамлекеттик кызматчыга
маалымдар кылынат.
12. Квалификациялык сынак өткөрүүгө чейин бир айдан кечиктирбестен
кызматчынын тикелей жетекчиси комиссияга мамлекеттик кызматчынын билим
дењгээли, жөндөмү (кесиптик дењгээли) жөнүндө жана ага класстык чен
берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө пикирди жөнөтөт.
13. Мамлекеттик кызматчы ушул Жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн пи-
кир менен квалификациялык сынак өткөрүлгөнгө чейин кеминде эки жума
калганда таанышууга тийиш.
14. Мамлекеттик кызматчы комиссияга көрсөтүлгөн пикирге өзүнүн ма-
кул эместиги жөнүндө арыз тапшырууга укуктуу.
15. Квалификациялык сынак өткөрүүдө комиссия мамлекеттик кызматчы-
нын функциялык милдеттенмелердин квалификациялык талаптарына, Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген ыкмаларды колдонуу
менен мамлекеттик кызматчылардын кесиптик сапаттарына баа берүүнүн ык-
маларын, анын ичинде кызматтык милдеттерди жана администрациялык мамле-
кеттик кызмат ордун ээлөө боюнча ыйгарым укуктарды аткаруу менен байла-
нышкан маселелер боюнча жекече ањгемелешүү, тестирлөө жана жазуу
жүзүндөгү тапшырмаларды аткаруу, анын ичинде кызматтык ишти жөнгө сал-
ган мыйзамдарды жана документтерди билүүсүн сынак жол-жоболорунун неги-
зинде мамлекеттик кызматчы аткарган иштин татаалдыгына жана жооптуулу-
гуна ылайык билимине, жөндөмүнө (кесиптик дењгээлине) баа берет.
16. Квалификациялык сынактын натыйжасы жөнүндө чечим комиссия та-
рабынан мамлекеттик кызматчы жана анын тикелей жетекчиси жокто комисси-
янын жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен ачык
добуш берүү аркылуу чыгарылат. Комиссиянын мүчөлөрүнүн добуштары тењ
болуп калган учурда төраганын пикири чечүүчү болуп саналат.
17. Мамлекеттик кызматчыга карата квалификациялык сынактын натый-
жасы боюнча комиссия төмөнкү чечимдердин бирин чыгарат:
а) мамлекеттик кызматчы квалификациялык сынак тапшырды деп тааныл-
сын жана ага класстык чен берүүгө сунуш кылынсын;
б) мамлекеттик кызматчы квалификациялык сынакты тапшырган жок деп
табылсын.
18. Квалификациялык сынактын натыйжасы N 2 тиркемеге ылайык форма-
да түзүлгөн мамлекеттик кызматчынын сынак баракчасына жазылат. Сынак
баракчага комиссиянын төрагасы, катчысы жана жыйналышка катышкан мүчө-
лөрү кол коет.
Мамлекеттик кызматчы сынак баракчасы менен кол коюп туруп тааны-
шат.
Мамлекеттик кызматчынын сынак баракчасы, анын билим дењгээли,
жөндөмү (кесиптик дењгээли) жөнүндө жана ага класстык чен берүү
мүмкүнчүлүгү жөнүндө пикир мамлекеттик кызматчынын өздүк ишинде сакта-
лат.
19. Квалификациялык сынактын натыйжасы ал өткөрүлгөндөн кийин жети
күндөн кечиктирбестен мамлекеттик органдын жетекчисине жөнөтүлөт.
20. Квалификациялык сынактын натыйжасынын негизинде статс-катчы
квалификациялык сынак тапшырган мамлекеттик кызматчыга класстык чен
берүү жөнүндө сунушту жетекчиге жиберет, ал класстык чен берүү жөнүндө
тийиштүү чечим кабыл алат.
21. Квалификациялык сынак тапшыра албаган мамлекеттик кызматчы бул
сынак өткөрүүдөн кийин алты айдан соњ кайталап квалификациялык сынак
өткөрүү жөнүндө демилге менен чыга алат.
22. Мамлекеттик кызматчы комиссиянын чечимин Кыргыз Республикасы-
нын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттикке же сотко даттанууга
укуктуу.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
кызматчыларын квалификациялык сынактан
өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобонун
1-тиркемеси
________________________________
________________________________
(мамлекеттик органдын аталышы)
аттестациялык-конкурстук
комиссиясынын төрагасына_______
_______________________________
(арыз ээсинин Ф.А.Ж., ээлеген
_______________________________
кызмат орду, үйүнүн дареги)
АРЫЗ
______________________класстык ченин берүүгө квалификациялык сынак
тапшырууга мага жол берүүнү өтүнөм.
Төмөнкүдөй документтерди тиркейм:
1. Кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча.
2. Мен баш ийген мамлекеттик органдын структуралык бөлүмүнүн на-
чальнигинин сунушу.
3. Зарыл кесиптик билимди жана квалификацияны ырастаган документ-
тердин көчүрмөлөрү:
билим жөнүндө дипломдун;
квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документтердин;
илимий даражаны же илимий наамды берүү жөнүндө документтердин.
4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларын аттестациялоо-
нун тартиби жөнүндө Жобонун
1-тиркемесинин формасы боюнча өткөрүлгөн
аттестациялоонун натыйжалары боюнча мамлекеттик кызматчынын ишине баа
берүүнүн бланкы.
Колу _________________
Дата _________________
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
кызматчыларын квалификациялык сынактан
өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобонун
2-тиркемеси
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчысынын
СЫНАК БАРАГЫ
1. Фамилиясы, аты-жөнү ___________________________________________
2. Туулган жылы, кунү жана айы ___________________________________
3. Кесиптик билими, илимий даражасы, илимий наамы болушу жөнүндө
маалыматтар ___________________________________________________________
(качан жана кайсы окуу жайын бүтүргөн, билими боюнча
_______________________________________________________________________
адистиги жана квалификациясы, илимий даражасы, илимий наамы)
4. Кесиптик даярдыгы, квалификацияны жогорулатуу же стажировка
жөнүндө маалыматтар ___________________________________________________
(кесиптик даярдыгы, квалификацияны жогорулатуу же
_______________________________________________________________________
стажировка жөнүндө документтер)
5. Квалификациялык сынакты өткөрүү күнүнө карата ээлеген админист-
рациялык мамлекеттик кызмат орду жана бул кызматка дайындалган дата____
_______________________________________________________________________
6. Мамлекетгик кызматтагы стажы __________________________________
7. Жалпы эмгек стажы _____________________________________________
8. Мамлекеттик кызматтын класстык чени ___________________________
(класстык чендин аталышы
_______________________________________________________________________
жана ал берилген дата)
9. Жазуу жүзүндөгү тапшырмалардын натыйжалары ____________________
10. Мамлекеттик кызматчыга суроолор жана аларга кыскача жооптор __
_______________________________________________________________________
11. Аттестациялык-конкурстук комиссия айткан сын-пикирлер жана су-
нуштар ________________________________________________________________
12. Мамлекеттик кызматчы айткан сунуштар _________________________
_______________________________________________________________________
13. Квалификациялык сынактын натыйжалары боюнча мамлекеттик кыз-
матчынын билиминин, тажрыйбасынын (кесиптик дењгээлинин) баасы ________
_______________________________________________________________________
(мамлекеттик кызматчы квалификациялык сынакты тапшырды деп табыл-
сын жана ал мамлекеттик кызматчынын ченин берүү үчүн сунушталсын;
мамлекеттик кызматчы квалификациялык сынакты тапшырган жок деп та-
былсын).
14. Аттестациялык-конкурстук комиссиянын сандык курамы ___________
Жыйналышка аттестациялык-конкурстук комиссиянын __________________
мүчөсү катышты.
Добуштардын саны ___________________ макул, ________________ каршы
15. Эскертүүлөр __________________________________________________
Аттестациялык-конкурстук комиссиянын ________________
төрагасы (колу)
Аттестациялык-конкурстук комиссиянын ________________
катчысы (Колу) (колу)
Аттестациялык-конкурстук комиссиянын ________________
мүчөлөрү (колдору)
Квалификациялык сынакты өткөрүү датасы ___________________________
Сынак барагы менен тааныштым _____________________________________
(мамлекеттик кызматчынын колу,
датасы)
(мамлекеттик органдын
мөөрүнүн орду)
Аттестацияны өткөрүү датасы
Аттестациялык баракча менен тааныштым ____________________________
(мамлекеттик кызматчынын
колу, датасы)
(мамлекеттик органдын мөөрүнүн орду)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (4)
- Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндөЗакон · 06.04.1999 · № 35
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 21-апрелиндеги № 130 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 21.04.2005 · № 130 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик кызмат жөнүндөЗакон · 11.08.2004 · № 114 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2005-жылдын 24-октябрындагы № 485 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызматты уюштуруунун кээ бир маселелери жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 24.10.2005 · № 485 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Президентинин 2013-жылдын 24-январындагы ПЖ №17 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыгыУказ · 24.01.2013 · № 17 · Күчүн жоготкон