# 2007-жылдын 21-декабрындагы № 556 "2008-жылы пенсиялардын базалык бөлүгүнүн өлчөмү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: 2007-жылдын 21-декабрындагы № 556 "2008-жылы пенсиялардын базалык бөлүгүнүн өлчөмү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 556
- Кабыл алынган күнү: 21.12.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.12.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4695>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2272/edition/288678/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4695.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.12.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 2007-жылдын 21-декабрындагы № 556 "2008-жылы пенсиялардын базалык бөлүгүнүн өлчөмү жөнүндө" Жарлыгы (21.12.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4695

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 21-декабры ПЖ № 556

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2008-жылы пенсиялардын базалык

бөлүгүнүн өлчөмү жөнүндө

Пенсиялардын өлчөмүн жогорулатуу жана "Мамлекеттик пенсиялык соци-

алдык камсыздандыруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын

22-статьясынын ченемдерин аткаруу максатында токтом кылам:

1. 2008-жылдын 1-январынан тартып "Мамлекеттик пенсиялык социалдык

камсыздандыруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык да-

йындалган пенсиялардын базалык бөлүгү 450 сом өлчөмүндө белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 5-майындагы

№ 105 "Электр энергиясына тарифтердин жогорулатылгандыгына байланыштуу

пенсионерлерге компенсациялык төлөмдөр жөнүндөгү" жана 2006-жылдын

28-апрелиндеги № 192 "Калк үчүн электр кубатына бирдиктүү тарифти кир-

гизүү шартында калктын аялуу катмарын социалдык жактан колдоонун кошум-

ча чаралары жөнүндө" Жарлыктарына ылайык белгиленген компенсациялык

төлөмдөрдүн өлчөмү ушул Жарлыктан келип чыккан пенсиялардын өлчөмүн

кайра эсептеп чыгууга байланыштуу өзгөртүлбөйт.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
