Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 1-февралындагы „Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Кеңеш жөнүндө“ Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралу» Жарлыгы
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 24-декабры ПЖ № 562
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын
1-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине
караштуу маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
боюнча Кењеш жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралу
(Кыргыз Республикасынын Президентинин
2008-жылдын 18-февралындагы № 79 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу маалыматтык-коммуни-
кациялык технологиялар боюнча Кењештин ишин оптималдаштырууну камсыз
кылуу максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 1-февралындагы
№ 38 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу маалыматтык-коммуни-
кациялык технологиялар боюнча Кењеш жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өз-
гөртүү киргизилсин:
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу маалыматтык-комму-
никациялык технологиялар боюнча Кењештин (мындан ары - Кењеш) жогоруда
аталган Жарлык менен бекитилген курамы ушул Жарлыктын тиркемесине ылай-
ык жањы редакцияда берилсин.
2. Кењештин жооптуу катчысы үч айлык мөөнөттө Кењештин кароосуна
"Кыргыз Республикасын өнүктүрүү үчүн маалыматтык-коммуникациялык техно-
логиялар" Улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча иштердин Орточо мөө-
нөттүү планынын долбоорун киргизсин.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 18-февралындагы
№ 79 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылай-
ык келтирсин.
4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социал-
дык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
"№ 2 тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2006-жылдын 1-февралындагы
№ 38 Жарлыгы менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Президентине
караштуу маалыматтык-коммуникациялык
технологиялар боюнча Кењештин
КУРАМЫ
Бакиев Курманбек - Кыргыз Республикасынын Президенти, Кењештин
Салиевич төрагасы;
Алыбаев Айбек - Кыргыз Республикасынын Президентинин Адми-
Ташибекович нистрациясынын жетекчисинин орунбасары,
Кењештин төрагасынын биринчи орунбасары;
Темирбаев Курманбек - Кыргыз Республикасынын Президентинин иш
Токтосунович башкаруучусу, Кењештин төрагасынын орунба-
сары;
Мамытов Токтокүчүк - Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кењешинин
Болотбекович катчысы, Кењештин төрагасынын орунбасары;
Карагулов Аманат - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш
Нурдинович башкармасынын маалыматташтыруу жана теле-
коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы, кењештин
жооптуу катчысы.
Кењештин мүчөлөрү (кызмат орундары боюнча):
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Адми-
нистрациясынын экономикалык жана социалдык
саясат бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын транспорт жана ком-
муникациялар министри;
- Кыргыз Республикасынын финансы министри;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана
илим министри;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү
жана соода министри;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Маалыматтык ресурстар жана технологиялар
мамлекеттик агенттигинин директору;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш
агенттигинин директору;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш
башкармасына караштуу Коомдук маалыматтык
борбордун директору;
- "Кыргызтелеком" ААКнын төрагасы - Башкарма-
лыктын төрагасы (макулдашуу боюнча);
- Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү програм-
масынын Кыргыз Республикасындагы туруктуу
өкүлү (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Байланыш операторло-
рунун ассоциациясынын директору (макулдашуу
боюнча);
жекече тизме:
Бримкулов Улан - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук универ-
Нургазиевич ситетинин кыргыз-америкалык Интернет-фа-
культетинин деканы (макулдашуу боюнча);
Живоглядов Валерий - Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян уни-
Петрович верситетинин Билимдердин электрондук ме-
неджмент борборунун директору (макулдашуу
боюнча);
Кыдыралиев Тургунбек - маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Нааматович боюнча эксперт (макулдашуу боюнча);
Каипов Сулайман - "Манас" Кыргыз-Түрк университетинин ректору
Турдуевич (макулдашуу боюнча);
Фесенко Андрей - Билим берүүгө МКТны киргизүү боюнча Азия
Владимирович реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын
долбоорунун улуттук координатору (макулда-
шуу боюнча)".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Указ Президента КР от 18 февраля 2008 года № 79 "О внесении изменений в некоторые решения Президента Кыргызской Республики"Указ · 18.02.2008 · № 79
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 1-февралындагы № 38 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө"…Указ · 01.02.2006 · № 38 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2008-жылдын 23-июнундагы ПЖ № 232 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 23.06.2008 · № 232 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2008-жылдын 18-февралындагы ПЖ N 79 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндо" ЖарлыгыУказ · 18.02.2008 · № 79 · Күчүн жоготкон