# Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 5-декабрындагы ПЖ № 535 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 5-декабрындагы ПЖ № 535 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 535
- Кабыл алынган күнү: 05.12.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.09.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4691>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2268/edition/486096/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4691.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.09.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 5-декабрындагы ПЖ № 535 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" Жарлыгы (25.09.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4691

---

КР Президентинин 2013-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ № 193 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2007-жылдын 5-декабры ПЖ № 535 Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча координациялык кеңеш жөнүндө (КР Президентинин 2008-жылдын 19-майындагы ПЖ № 166, 2009-жылдын 9-июнундагы ПЖ № 264 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык) 2006-2010-жылдардагы мезгилде Кыргыз Республикасында дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү Концепциясын натыйжалуу турмушка ашырууну камсыз кылуу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча координациялык кеңеш түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча координациялык кеңеш жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.

(КР Президентинин 2009-жылдын 9-июнундагы ПЖ № 264 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

3. Координациялык кеңеш Кыргыз Республикасында дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүнүн максаттуу программасын бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин бекитүүсүнө киргизсин.

4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев

№ 2 тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 5-декабрында № 535 жарлыгы менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча координациялык кеңештин КУРАМЫ (КР Президентинин 2009-жылдын 9-июнундагы ПЖ № 264 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ)
