# Кант шаардык кенешинин 2020-жылдын 19-июнундагы №133/XIX-27 "Кант шаардык кеңешинин 21.12.2011-жылы №205/ХХVI-25-токтому менен бекитилген «Кант шаарындагы курулуш жана жерди пайдалануу эрежелерине» өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кант шаардык кенешинин 2020-жылдын 19-июнундагы №133/XIX-27 "Кант шаардык кеңешинин 21.12.2011-жылы №205/ХХVI-25-токтому менен бекитилген «Кант шаарындагы курулуш жана жерди пайдалануу эрежелерине» өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 133/XIX-27
- Кабыл алынган күнү: 19.06.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.06.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/468884>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-67655/edition/1077041/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/468884.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.06.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кант шаардык кенешинин 2020-жылдын 19-июнундагы №133/XIX-27 "Кант шаардык кеңешинин 21.12.2011-жылы №205/ХХVI-25-токтому менен бекитилген «Кант шаарындагы курулуш жана жерди пайдалануу эрежелерине» өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (19.06.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/468884

---

КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 19-сессия

2020-жылдын 19-июну №133/XIX-27 Кант шаардык кеңешинин 21.12.2011-жылы №205/ХХVI-25-токтому менен бекитилген «Кант шаарындагы курулуш жана жерди пайдалануу эрежелерине» өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Шаар курулуш, өнөр жай, унаа, коммуникация жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, Кант шаардык кеңешинин 21.12.2011-жылдагы №205/ХХVI-25-токтому менен бекитилген «Кант шаарындагы курулуш жана жерди пайдалануу эрежелеринин» 30-беренесинин 2.1. бапынын 2-бөлүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кант ш. Московская көч. №3 дарегинде жайгашкан “К-1”-коммуналдык ишкана, транспорт, кампалоо жана кичи өндүрүш аймагынан “Ц-1” – шаардын борбордук аймагына жер тилкесин берүү жөнүңдө Кант шаардык мэриясынын 18.05.2020-жылдагы №01-14/382-катын карап чыгып ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кант шаардык кеңешинин 21.12.2011-жылдагы №205/ХХVI-25-токтому менен бекитилген «Кант шаарындагы курулуш жана жерди пайдалануу эрежелеринин» 30-беренесинин «Кант шаарын укуктук аймактоо картасынын” 2.1.бапынын 2-бөлүмүнө төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- Кант ш. Московская көч. №3 дарегинде жайгашкан “К-1”- коммуналдык ишкана, транспорт, кампалоо жана кичи өндүрүш аймагынан 460,2 кв.м.жер тилкесин чыгарууга руксат берилип,“Ц-1” – шаардын борбордук аймагына киргизилсин.

2. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жиберилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин шаар курулуш, өнөр жай, унаа, коммуникация жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Сулайманов Н.И.) жүктөлсүн.

Төрага

А.Шайлдабеков
