Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кант шаардык кенешинин «Кант шаардык кеңешинин 21.12.2011-жылы №205/ХХVI-25-токтому менен бекитилген «Кант шаарындагы курулуш жана жерди пайдалануу эрежелерине» өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 19-сессия
2020-жылдын 19-июну №133/XIX-27 Кант шаардык кеңешинин 21.12.2011-жылы №205/ХХVI-25-токтому менен бекитилген «Кант шаарындагы курулуш жана жерди пайдалануу эрежелерине» өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Шаар курулуш, өнөр жай, унаа, коммуникация жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, Кант шаардык кеңешинин 21.12.2011-жылдагы №205/ХХVI-25-токтому менен бекитилген «Кант шаарындагы курулуш жана жерди пайдалануу эрежелеринин» 30-беренесинин 2.1. бапынын 2-бөлүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кант ш. Московская көч. №3 дарегинде жайгашкан “К-1”-коммуналдык ишкана, транспорт, кампалоо жана кичи өндүрүш аймагынан “Ц-1” – шаардын борбордук аймагына жер тилкесин берүү жөнүңдө Кант шаардык мэриясынын 18.05.2020-жылдагы №01-14/382-катын карап чыгып ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаардык кеңешинин 21.12.2011-жылдагы №205/ХХVI-25-токтому менен бекитилген «Кант шаарындагы курулуш жана жерди пайдалануу эрежелеринин» 30-беренесинин «Кант шаарын укуктук аймактоо картасынын” 2.1.бапынын 2-бөлүмүнө төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Кант ш. Московская көч. №3 дарегинде жайгашкан “К-1”- коммуналдык ишкана, транспорт, кампалоо жана кичи өндүрүш аймагынан 460,2 кв.м.жер тилкесин чыгарууга руксат берилип,“Ц-1” – шаардын борбордук аймагына киргизилсин.
2. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин шаар курулуш, өнөр жай, унаа, коммуникация жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Сулайманов Н.И.) жүктөлсүн.
Төрага
А.Шайлдабеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.