# Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 6-декабрындагы ПЖ № 540 "Маданият кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 6-декабрындагы ПЖ № 540 "Маданият кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 540
- Кабыл алынган күнү: 06.12.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.08.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4687>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2264/edition/492665/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4687.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.08.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 6-декабрындагы ПЖ № 540 "Маданият кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы (17.08.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4687

---

КР Президентинин 2011-жылдын 17-августундагы ПЖ N 199 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2007-жылдын 6-декабры ПЖ № 540

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Маданият кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө

Маданият кызматкерлерине социалдык коргоону камсыз кылуу, ошондой эле кесибинин кадыр-баркын арттыруу максатында токтом кылам:

1. 2008-жылдын 1-январынан тартып эмгек акысы Бирдиктүү тарифтик

торчо боюнча аныкталган маданият мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы 30 пайызга жогорулатылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылай-

ык келтирсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучуга жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык 2008-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
